3 жашка чейинки бардык балдар жөлөкпул алышы керек

01-06-2017 16:19

Бүгүн, 1-июнь балдарды коргоо күнү. Бул жагдайга кайрылып, "Парламент" радиосу атайын уктуруу даярдап, студияга Жогорку Кеңшетин депутаттары Карамат Орозованы, Аида Касымалиеваны, Эмгек жана  социалдык  өнүгүү министрлигинин  мамлекеттик жөлөкпулдар  боюнча башкармалыгынын  башчысы  Жыпара Рысбекованы жана “Инклюзивдик каникулдар” долбоорунун  координатору  Гульмира Усубалиеваны  чакырды.

Жаңы төрөлгөн балдарды бутуна тургузуп, саламаттыгын бекемдөө чараларында, билим берүүдө жетиштүү материалдык колдоо керек. Бул жагынан алганда калкты социалдык жактан колдоого муктаж, же жетиштүү үй-бүлө,- деп эки ажырымга бөлбөй, жаш балдардын бардыгына бирдей жөлөкпул төлөө жагы сунушталууда.  Бул багытта альтернативдүү мыйзам долборун даярдаган депутаттардын тобу “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун сунушташууда. Ошол демилгечи топтун курамындагы депутат Карамат Орозованын айтымында, мыйзамга ылайык,  3 жашка чейинки бардык балдарга жөлөкпул төлөнөт. Ал эми көп балалуу үй-бүлөнүн биринчи, экинчи балдарынан башка балдарына жөлөкпул төлөө шарттары каралган.

Ошондой эле депутат жөлөкпул төлөөдө бийик тоолуу райондордун коэффициенттери башка тариф менен карала тургандыгын да түшүндүрдү. Сүйүнчү пулга каралган каржаттын суммасы 4 миң сомду түзөт, -  дейт К.Орозова.

Депутат Аида Касымалиева, - “Бүгүн мигранттар көбөйдү. Алардын балдары каралбай калып,   көйгөйлөр жаралууда. Ошондуктан, жогоруда көтөрүлүп жаткан мыйзамды колдойм” – деп билдирди.   Ошондой эле ал балдар дегенде  коопсуздукту да унутпаш керектигин белгиледи. Өзгөчө  майрам  күндөрү  эс алуу парктарындагы аттракциондорго  көңүл буруу зарылдыгын айткан эл өкүлү, - аттракцион жабдыктарынын сапатына жооп бере турган тескөөчү бир органды аныкташ керек,- дейт. 

Жөлөкпулдар боюнча маселеге келгенде, айрым  иш-кагаздарынын туура эмес топтолуп жаткандыгы да акыйкатсыздыкты жаратууда. Ошондуктан, алгач, ар бир үй-бүлөнүн социалдык паспорту даярдалышы керек.  Бул негизде түшүндүрмө берген  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү  министрлигинин өкүлү   Жыпара Рысбекова, - " 3 жашка чейинки   баласын баккан аял кишиге   жардам катары  сүйүнчү пул жана жөлөкпул төлөнүп берилмекчи. Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын баккан энелердин бала багууга кеткен жылдарын иш стажысы катары эсептөө шарттары да караштырылып жатат. Анткени бул алардын кийин пенсия алуусун камсыздайт",- деди.

Ал эми азыркы жайкы эс алуу мезгилинде “Инклюзивдүү каникулдар”  долбоору иштелип чыгып, атайын   мүмкүнчүлүгү чектелеген балдарды тейлөөгө да көңүл бурулуп жаткандыгын аталган долбоордун координатору Гүлмира Усубалиева билдирди. Адистин айтымында, жети областтан тандалган аталган категориядагы балдар  эс алууну атайын методикалык программалар менен айкалыштырылып, тил үйрөнүшөт. Ар кандай маданий иш чараларга катышышат.  

Программанын жыйынтыгында, түз эфирдин  меймандары  балдарды бүгүнкү 1-июнь “Балдар күнү” менен куттукташып, ар бир бала үй-бүлөдө , алтын балалыктын доорунда жашоого укуктуу экендигин белгилешти.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 332

Окшош жаңылыктар