2017-жылдын 1-июнунда добуш берилген мыйзам долбоорлору

01-06-2017 16:06

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2,3-окууда кабыл алынды.

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Ошэлектр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо” долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, “Ошэлектр” ачык акционердик коомунун жана Европа кайра реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа Бирлигинин Борбордук Азия үчүн инвестициялык механизми линиясы боюнча (ИФКА) “Ошэлектр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорунун максаттары үчүн Европа комиссиясынын инвестициялык гранты боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.05.17деги № 254 токтом);

- “Бишкек шаарында 2017-жылдын 28-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 10.05.17деги № 263 токтом);

- “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Турсунбеков Ч.А., Орозова К.Б., Молдобекова Г.С., Тиллаев Т.Г., Примов У.Б., Токторов А.С., Самигуллина А.Э., Артыкбаев О.М., Осмонова А.Ш., Мусабекова Ж.А., Алтыбаева А.Т., Жээнбеков А.Ш., Касымалиева А.К.).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Турсунбаев А.А., Өмүркулов И.Ш., Баатырбеков А.Б., Бабанов Ө.Т., Керезбеков К.К., Карашев А.А., Жеенчороев М.К.);

- “Абу-Даби шаарында 2017-жылдын 17-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.04.17деги № 241 токтом).

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 03.08.16дагы № 427 токтом).

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 769

Окшош жаңылыктар