Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу тартиби менен шарттары кайрадан ыраатташтырылат

28-06-2016 13:49

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет жумушчу топ тарабынан мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо мамилелерин тариздөө, сыйлыктардын укуктук макамын, сыйлангандардын укуктары менен милдеттерин аныктоо максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Демилгечилердин бири депутат Асел Кодуранованын айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, “Манас”, “Курманжан Датка”, “Данакер”, “Баатыр Эне” ордендери белгиленген. Мамлекеттик сыйлыктарды бирдейлештирүү максатында, “Манас” орденин даражаларга бөлүүнү алып салуу сунушталууда. Ошондой эле, “КР эмгек сиңирген ишмери” деген бирдиктүү ардак наам белгиленет, ал эми “КР эл жазуучусу”, “КР эл акыны”, “КР эл сүрөтчүсү”, “КР эл артисти” өзгөчө ардак наамдары сакталат.

Мамлекеттик сыйлыктардын тутумунда мекемелик мүнөздөгү төмөнкү медалдар алып салынат: “Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн”, “Кайрымдуулук үчүн”, “Эмгек ардагери”. Юридикалык жактарды алардын юбилейине байланыштуу мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо анын түзүлгөндүгүнө 50 жыл толгондон кийин, андан соӊ 25 жылдан кийин сыйланат.

Ошондой эле, мыйзам долбоорунда сыйланган адам оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн негизинде гана мамлекеттик сыйлыктан ажыратылышы мүмкүн. Балдарынын бири оор жана өтө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон учурда, энесин “Баатыр Эне” ордени жана “Эне Даңкы” медалы менен сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт.

Андан сырткары, сыйланган жактарга бир жолу акчалай сыйлык берилүүсү каралган. Жарандар менен юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйланган энелерге 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө бир жолку акчалай сыйлык бериле турганы белгилүү болду.

 

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 703

Окшош жаңылыктар