Депутаттар тобу президенттик шайлоону 2017-жылдын 15-октябрда өткөрүү демилгесин сунуштоодо

31-05-2017 10:31

Жогорку Кеӊеште шайлоо жүрүмүн өркүндөтүү максатында иштелип чыккан «КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин маалыматына караганда, турмуш көрсөткөндөй, шайлоо мыйзамдары андан ары өркүндөтүүгө, анын ичинде шайлоо өтүүчү күндөр кайрадан тактоого муктаж. Мисалы, президенттике талапкерлердин күрөөсу 2 млн сомго чейин көтөрүү чарасы сунушталууда.

Андан тышкары, бир катар депутаттардын сунушу менен парламенттик шайлоо босогосун азыркы 7 пайыздан 9 пайызга чейин жогорулатылууда. Мындай жобо 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө киргизилүүгө тийиш.

Гендердик теӊчиликти сактоо максатында, ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон аял депутаттын ордуна аял депутат, эркек депутаттын ордуна эркек депутат келиши керек.

Иштеп жаткан мыйзамда кезектеги президенттик шайлоо ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өтөрү белгиленген. Ошондон улам, мыйзамдын 48-беренесиндеги «ноябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөздү «октябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөзгө алмаштырылууда. Демек, кезектеги президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында эмес, 15-октябрда өтүүгө тийиш. Шайлоо ал датага 4 айдан кем эмес убакыт калганда калганда Жогорку Кеӊеш тарабынан дайындалат.

Депутат Өмүрбек Бабанов Мамлекеттик каттоо кызматы жаӊы биометрикалык паспортту тарката баштаганын, анда анын ээси жөнүндөгү маалымат толук камтылбай калганын, ал жарандардын банк иштери сындуу аракеттерди жүргүзүүсүндө жарабай турганын белгиледи. «Бул популисттик кадам болду. Маалыматтар чипке жазылыптыр, азыр аны окуй турган жабдуулар жок. Адамдар жалаӊ шайлоо менен жашабайт, паспорт алардын күндөлүк турумушунда керектелет. Канча каражат бекер кетти. Адегенде ойлонуш керек болчу», - деди ал.

Ал эми депутат Зиядин Жамалдинов биометрикалык паспорттон анын ээсинин улуту жөнүндөгү маалыматтын алынып салынышын туура эмес саясат катары сыпаттап, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлүнө: «Көп жарандар улутунун алынып салынганына нааразы. Эмне, улутубузду ачык жазгандан уялабызбы?», - деген собол салды.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору тармактык комитетте талкууланып жатканда, айрым депутаттар шайлоо 15-октябрда өтө турган болсо, Борбордук шайлоо комиссиясы 1-декабрга чейин шайлоо жол-жоболорун жыйынтыктап бүтүшү керектигин белгилеген. Ал эми БШК өкүлү шайлоо өткөндөн кийинки 20 күндө шайлоо жыйынтыгын чыгарууга мүмкүнчүлүк болорун билдирген.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 381

Окшош жаңылыктар