КМШ аймагында биргелешкен ыкчам-тергөө топторду түзүүнүн тартиби тууралуу келишим ратификацияланууда

28-06-2016 13:14

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында биргелешкен ыкчам-тергөө топторду түзүүнүн тартиби жана алардын иши тууралуу макулдашууну үчүнчү окууда жактырды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2015-жылдын 16-октябрында Казакстанда кол коюлган бул келишимде биргелешкен ыкчам топтордун кылмыш иштерин биргелешип иликтөө жана тергөө, маалымат алмашуу, экспертизаларды жүргүзүү, буюм-тайымдарды сактоо сындуу негизги иш-милдеттеринин тартиби камтылган.

 

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 581

Окшош жаңылыктар