ЖККУга мүчө мамлекеттердин атайын кызматтарына атайын техникаларды берүү шарттары кыйла жеңилдетилмекчи

28-06-2016 13:09

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды берүүнүн жеңилдетилген шарттары тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө экинчи протоколду үчүнчү окууда жактырды.

Экинчи протоколго Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчө мамлекеттеринин башчылары тарабынан Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган. Протоколдо Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчө мамлекеттеринин куткаруу бөлүкчөлөрүнө атайын техникаларды жеңилдетилген сатып алуу механизмин түзүү чаралары каралган.

 

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 561

Окшош жаңылыктар