Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары А.Өмүрбекова Азербайжан Улуттук Межлисинин депутаттары менен жолугушту

25-05-2017 12:46

Бүгүн, 25-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары Алтынай Өмүрбекова Азербайжан Улуттук Межлисинин Эл аралык мамилелер жана парламенттер аралык байланыш боюнча комитетинин  мүчөсү Фейзиев Жаваншир Эйюб оглу, Укуктук саясат жана мамлекеттик курулуш комитетинин мүчөсү Ганизаде Чингиз Ашралы, Азербайжан-Кыргызстан парламенттер аралык байланыш боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Гулиев Муса Иса оглу менен жолугушту.

Ошондой эле, жолугушууга  Жогорку Кеӊештин Азербайжан менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Тазабек  Икрамов, депутат Таалайбек Масабиров, Кыргыз Республикасындагы Азербайжан Республикасынын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Оруджев Гидаят Худуш оглу катышты.  

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Алтынай Өмүрбекова Жаваншир Файзиевди кыргыз тилинде чыгарылган "Түрк мамлекеттер бирлиги: глобалдык интеграциянын евразиялык модели" аталышындагы китебинин бет ачары менен куттуктап, анын актуалдуулугун белгиледи.

Андан тышкары, тараптар кыргыз-азер кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү байланыштарды арттыруу маселелерине токтолушту. Айрыкча парламенттер аралык алакаларды арттыруу зарылчыгын айткан депутаттар, түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын (ТүркПА) алкагында байланыштарды кеӊейтүү керектигин кошумчалашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Төрага орун басары Алтынай Өмүрбекова ТүркПАнын кезектеги жыйыны быйыл июль айында Бишкекте өтө турганын эске салып, иш-чаранын күн тартибинде маанилүү маселелер камтылгандыгын айтты. Ошондой эле ал Азербайжан Улуттук Межлисинин Төрагасы Октай Асадовдун жыйынга катышарынан үмүт артарын билдирди.   

Өз кезегинде Фейзиев Жаваншир Эйюб оглу ТүркПАнын кезектеги жыйынына О.Асадовдун катышарын маалымдады. "Кыргызстан биздин боордош өлкөбүз" - деген Фейзиев Жаваншир Эйюб оглу парламенттик байланыштардын алкагында жана эл аралык уюмдардын деӊгээлинде эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты арттыруу зарылчылыгына токтолду.

Мындан сырткары, жыйында соода-экономикалык жана саясий байланыштарды кеӊейтүү маселелери да талкууланып, бул жаатта парламенттеги депутаттык достук топторунун алкагында бир катар иш-чараларды өткөрүү керектиги айтылды.

КР Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 830

Окшош жаңылыктар