АӨБ Кыргызстандын инвестиция тармагындагы абалды жакшыртуу багытында 25 млн доллар бөлөт

28-06-2016 12:29

АӨБ инвестиция тармагындагы абалды жакшыртуу багытында 25 млн доллар бөлөт

 

            Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Экинчи Инвестициялык климатты жакшыртуу программасынын 2-программачасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Финансылык макулдашуунун долбоорун жактырды.

            Келишим шарттарына ылайык, Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын инвестиция тармагындагы абалды жакшыртуу багытында 25 млн доллар бөлөт. Каражаттын жарымы жеӊилдетилген насыя, жарымы грант болуп саналат. Насыя 35 жылдык мөөнөткө 1,5 пайыздык үстөгү менен берилүдө.

 

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 562

Окшош жаңылыктар