Тармактык комитет вице-премьер-министр кызмат ордуна Жеӊиш Разаковдун талапкерлигин жактырды

28-06-2016 12:09

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет Премьер-министр тарабынан чек ара маселелерин тейлеген вице-премьер-министр кызмат ордуна сунуш кылынган Жеӊиш Разаковдун талапкерлигин жактырды.

Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев Жеӊиш Разаков буга чейин Өкмөттүн чек ара маселелери курчуп турган Баткен облусундагы өкүлү болуп иштегенин, ал чек ара маселелерин чечүүгө түздөнтүз катышып келгенин, көйгөйлүү маселелерди жеринен жакшы билерин билдирди.

Тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев Жеӊиш Разаковго чоӊ ишеним артылып атканын белгилеп, комитет мүчөлөрүнүн атынан анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, 2016-жылдын 22-июнунда Жогорку Кеӊеш Премьер-министрдин сунушу боюнча Өкмөтүнүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алган. Анда өкмөт башыга өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн ишин координациялай турган вице-премьер-министрлик кызмат ордун ачуу сунушу берилген.

 

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 695

Окшош жаңылыктар