Өлкө аймагында көп тилдүүлүк принциптерин колдонуу демилгеси көтөрүлүүдө

28-06-2016 09:17

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер боюнча комитетинин 27-июндагы  жыйынында өлкөнүн окуу жайларына көп тилдүү билим берүүнү киргизүү тууралуу  маселе каралды. Демилгечи депутат Талант Мамытовдун баяндашынча, мамлекет тарабынан үч тилди өнүктүрүүдө көбүнесе декларативдик мүнөздөгү чаралар колдонулуп, күтүлүүчү натыйжалар болбой жатат. Өлкөбүздө майнаптуу тил саясаты ушул күнгө чейин иштелип чыкпагандыгы “Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо” концепциясында баса белгиленген.  Ушул себептен мамлекеттик, расмий жана чет тилин сүйлөй билген муун жарала элек. Мамлекеттик тилдин өлкөбүздөгү бардык улуттардын өкүлдөрү үчүн экономикалык, маданий, кесиптик жана башка мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүчү, маданияттар аралык баарлашууну бекемдөөчү жана коомду бириктирүүчү негиз катары ролу азырынча жетишсиз. 

“Бүгүнкү күндө кыргыз тили эне тили болбогон Кыргызстандын жарандарынын 10 пайызы гана мамлекеттик тилде сүйлөй алат. Өлкөбүздүн калкынын жарымынан азы гана орус тилинде эркин суйлөйт. Англис тилин кыргызстандыктардын болгону бир пайызга жакыны билет. Маселенин актуалдуулугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасында жалпы билим берүү мектептеринин башталгыч класстарынан баштап мамлекеттик, расмий жана бир чет тилин үйрөтүү боюнча Жол картасы форматындагы кеңейтилген, такталган иш планы Өкмөт тарабынан кыска мөөнөттө даярдалып чыгышы абзел”,- дейт депутат Т.Мамытов.

Талкуу жүрүшүндө тармактык комитеттин төрагасы  Садык Шер-Нияз башканы коюп, эне тилибизди алалы, анын азыркы абалы Бишкектин көрсөткүчү менен алганда жыргап кеттиби?- деген суроону койду. "Эне тилибиз жоголуп баратат. Баары орусча сүйлөп, келечекте неберелерибиз кыргыз тилин укпай калышы мүмкүн. Балдарыбызга эне тилин үйрөтпөсөк, 100 жылдан кийин улутубуз жок болот. Кана кыпчактар, наймандар? Булар улут катары жоголушкан. Ошондуктан мен тил маселесин Жогорку Кеңеште ар дайым көтөрөм", - деди Шер-Нияз.

Депутат Евгения Строкова,-“Кыргыз тилин үйрөнүүгө каалоо менен муктаждыктан тышкары, окутуунун заманбап усулдары колдонулуш керек”,- дейт. Ошондой эле ал, балдарын мектептерге берүүдө ата-энелердин тандоосу дагы бул жерде көпчүлүгү орус тилиндеги мектептерге ыктап жатышкандыгын көрсөтүүдө,- дейт. "Окутуунун методикалык шартарына токтолгон Е.Строкова,-“Камчы ыкмасынан пайда чыкпайт, пряник ыкмасы керек. Бирок "пряниктерди" 1990-жылдары жеп коюшкан", - деп кошумчалады.

Эл өкүлүнүн жогорудагы айткандары кыргыз тилинин келечегин ойлоп, ага кам көрүү сезимин күчөттү. Депутат Рыскелди Момбеков дагы коллегасынын айткандарын кыргыз-орус тилдерин бири-бирине кайчы койгонго барабар,- деп мүнөздөп, Манастын тилин сактап калуу биринчи кезектеги зарылчылык деп атады. Ошондой эле ал депутат Н.Никитенконун кыргыз тилинде мыкты сүйлөөрүн мисалга келтирип, демек каалоо болсо үйрөнө турган киши методика деп шылтабай эле сопсонун үйрөнүп алаарын белгиледи.

Талкуу соңунда Кыргыз Республикасында  көп тилдүү билим берүү тууралуу  Жогорку Кеңештин токтому тармактык комитеттин жактыруусуна ээ болду. Аны менен катар комитет Бишкек шаарындагы кыргыз тилиндеги мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билим сапатын аныктоо тапшырмасын тиешелүү министрликке табыштап, кыргыз тил жана адабият сабактарын окуткан мугалимдердин айлык акыларын 25%га жогорулатууну сунуштады.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 657

Окшош жаңылыктар