Билим алуудагы келишимдик акы улуттук валюта менен гана эсептелиши керек деп сунушталууда

27-06-2016 18:43

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети бүгүнкү, 27-июндагы жыйынында  “Билим берүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карады. Демилге депутаттар Д.Бекешев жана Ж.Акаев тарабынан көтөрүлгөн.

Бул мыйзам долбоору мамлекеттин экономикасын дедолларизациялоо, билим берүү уюмдарынын бир гана улуттук валюта менен эсептешүүгө өткөрүү, жарандардын финансылык абалын жеңилдетүү, ошондой педагогдук иш алып барууну либерализациялоо максатында иштелип чыккан.

Аталган мыйзам долбоору билим берүү уюмдарын банкрот абалына алып келбейт, себеби алар чет элдик валютада киреше алып, өзүнүн кызматкерлерине сом менен айлык акы төлөп жатышат. Мыйзам долбоору, орточо жана жогору эмес кирешелүү жарандарга билим берүү уюмдарына ашыкча төлөбөстөн, экономикалык кризиске туруштук берүүгө жардам берет.

Мындан тышкары, мыйзам долбоору тарабынан педогогдук ишмердүүлүгунүн тизмесин кеңейтүү менен бирге, атайын педагогдук билими жана квалификациясыз педагогдук иште иштөө мүмкүнчүлүгү каралган. Анткени, сунушталып жаткан норма бүгүнкү күндүн талабы болуп саналат. Алсак, мисалы, “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, бухгалтердик эсеп боюнча үйрөтүү үчүн атайын педагогдук билим алып, педагогдук квалификацияга ээ болуш керек. Аракеттеги “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын ченеми бардык жерде бузулуп жатат, себеби азыр автотранспорттук каражатты айдоону, компьютердик техниканы үйрөтүү кандайдыр бир педагогдук билим же квалификациясыз эле үйрөтүлүп  жатат. Көптөгөн тренингдер өткөрүлүп жатат, алар педагогикалык квалификацияны талап кылбайт. Ошол эле учурда, билим берүү уюумдарда дагы педагогдук квалификациясы жок мугалимдер иштеп жатышат. Көптөгөн студенттер окуу жайын аяктап, мугалим болуп эмгектенишет, ал үчүн педогогдук билим талап кылынбайт.

Депутаттардын сунуштары ортого салынганда аккредитация маселеси да кошо козголду. Бирок, бул нерсенин мыйзам долбоорунун баштапкы концепциясында эске алынбагандыгын тармактык комитеттин төргасы Садык Шер-Нияз айтып, чаташууларга жол бербөөгө чакырды.  

Талкуу соңунда “Билим берүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда тармактык комитеттин сунушу менен парламенттин кароосуна чыгарылмай болду.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 729

Окшош жаңылыктар