Төрага Чыныбай Турсунбеков: Социалдык мекемелердин курулушун учурунда бүткөрүү керек"

20-05-2017 20:52

Бүгүн, 20-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган эл өкүлдөрү Ош шаарындагы бир катар социалдык объектилердин курулушу менен таанышты.

Алгач И.Раззаков атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушунан кабар алган Төрага: "Белгилүү болгондой бул 720 орундуу мектептин курулушу Өлкө башчысынын өз көзөмөлүнө алынган. Курулушту тез арада бүткөрүү менен балдардын татыктуу билим алышына зарыл болгон бардык шарттары түзүү башкы максат болушу керек. Анткени, Кыргызстандын келечеги болгон балдардын мыкты инсан болуп чоңоюшунун пайдубалы заманбап шартта курулган мектептерде түптөлөт", - деди.

Андан соң эл өкүлдөрү Ош шаарындагы "Ак-Тилек" кичи районунда курулуп жаткан 150 орундуу оорукананын курулушу менен таанышты. Жогорку Кенештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан жаңыланууларга токтолуп: "Президентибиздин көзөмөлү менен курулуп жаткан бул оорукана тармактагы жетишкендиктердин бир мисалы болушу үчүн тез арада бүткөрүү шарт. Себеби, коомдун саламаттыгын караган аймактык мекемелерди жаңыртуу менен элдин ден соолугуна кам көрөбүз" - деп кошумчалады.

Эске салсак, төрт корпустан турган И.Раззаков атындагы орто мектептин пайдубалы 2013-жылы түптөлүп, 2016-жылдан баштап курулушу улантылган. Курулуштун көлөмү 244 млн. сомго бааланып, быйыл бүткөрүлөрү мерчемделген. Ал эми "Ак-Тилек" кичи районундагы оорукананын куруушу Кытай Эл Республикасынын каржылоосу менен 2016-жылы башталган. Кийинки жылдын үчүнчү кварталында бүткөрүлөрү мерчемделген оорукана үч корпустан туруп, бардык заманбап жабдуулар менен камсыздалат.

КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 534

Окшош жаңылыктар