Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Араван районунун активи менен жолугушту

20-05-2017 21:20

Бүгүн, 20-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Ош облусунун Араван районунун активи менен жолугушту.

Төрага Чыныбай Турсунбеков Ош облусуна болгон эки күндүк иш сапарды бир катар министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү коштоп келгенин белгилеп, Араван элин учурдан пайдаланып көйгөйлүү маселелерди айтып алууга чакырды.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Кыргызстанда орногон туруктуулукту сактап калууга өлкө ар бир жараны жигердүү аракет көрүшү керектигине токтолду. "Кыргызстан тандап алган парламенттик багытты өнүктүрүүнүн башкы максаты эл менен бийликтин ортосундагы тыгыз кызматташтыкты камсыздоо. Андыктан, өлкөнүн өнүгүшүндө негизги орунду ээлеген элет жериндеги маселелерди биргелешип аныктап, чечишибиз керек", - деди ал.

Андан тышкары, жаздагы табигый кырсыктар бир катар үй-бүлөлөрдү журт которууга мажбур кылса, кээде адам өлүмүнө да алып келип жатканын айтты.  "Кырсыктардын кесепеттерин жоюу багытында бир катар иштер аткарылууда. Бул иш сапарыбыздын да максаты кырсыктан жабыр тарткан тургундардан кабар алуу. Буюрса айтылган маселелер парламенттин жыйындарында талкууланып, аткаруу бийлиги менен биргеликте жакынкы аралыкта чечилет",- деп кошумчалады Чыныбай Турсунбеков. "Табигый кырсыктарды жана башка тоскоолдуктарды жеңүү үчүн бизге биримдик менен ынтымак керек" ,- деген парламент жетекчиси Араван элин Энелер күнү менен да куттуктап, бир катар энелерге райондук администрациянын атайын сыйлыктарын тапшырды.

Ал эми жолугушууда район тургундары мектеп, бала бакча, оорукана сыяктуу социалдык көйгөйлөрдү көтөрүшүп, үлүш жер жана жол маселелерин чечип берүүнү эл өкүлдөрүнүн астына коюшту. Айрыкча, суу көйгөйү курч экени айтылды. Иш сапардагы Өкмөт өкүлдөрү элдин суроолорго жеринде жооп беришти.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Төрагасынын Ош облусуна болгон иш сапарына депутаттар Мыктыбек Абдылдаев,  Уланбек Примов, Ильхом Маннанов, Кубанычбек Нурматов катышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2941

Окшош жаңылыктар