Өмүрбек Үмөталиев: “Адал Эмгек, Асыл Дөөлөт”

19-05-2017 17:25

Президенттин  жарлыгы менен 2017- “Ыйман, адеп жана маданият”  жылында   ар кыл иш –чаралар жүрүп жатат.  Парламенттик радио дагы  бул  темага кайрылып,   жаштардын ыймандуулугу жана адептүүлүгү тууралуу маек уюштурду.  Уктурууга  Кыргызстан аксакалдар кеңешинин төрагасы  Өмүрбек Үмөталиев чакырылды.

Замандын өзгөрүшү менен адамдардын да өзгөргөндүгүн айткан  аксакал, кыргыз эли  эзелтеден  ыйман жана адепке чоң маани берген,- деди. Ал эле эмес,  бала төрөлгөндө азан чакырып ат берүү, балдарды тарбиялоодо,  конокко жасалган мамиледе, мал союуда  да  өзгөчөлүк  болгон.  Мисалга алсак,  учурда балдар бала бакчаларда тарбияланып жаткандыгына көңүл бурду.  “Шаардагы балдардын бала бакчага баруусу  ата-энесинин жумушуна байланыштуу болуп жатпайбы. Бирок, кантсе да, үй-бүлөнүн, чоң ата менен  чоң апанын тарбиясы   башкача болот.  Аларда ыймандуулук, адептүүлүк сапаттары жогору. Ал эми, бала бакчалардын балдары  кыял күтүп,  айлана-чөйрөнүн таасирин алып калат”, - деп айтты.

Ошондой эле, ал,- “Илгерки адамдар үйгө келген мейманды сыйлаганды билишкен.  Сөзсүз, дасторконго чакырып, даам ооз тийгизишкен” – деп, азыр болсо айрым учурларда тарбияга маани берилбей калып жаткандыгын айтып, жаштарга  туура жүрүм-турум, конок тосуудагы артыкчылыктар тууралуу кеңешин  берди.

Уктуруунун жүрүшүндө, Кыргызстан аксакалдар кеңешинин төрагасы Ө.Үмөталиев: “ Илгери сот, милиция жок кезде  айылдын аксакалдары  чечим чыгарышчу. Эки жаш ажырашса,  экөөнүн  оюн угуп, кеңешин айтып, кайрадан бир үй-бүлө кылып үйүнө жөнөтүшчү”-деп, азыр да ар бир үйдө аксакалдын сөзү жогору тураарын белгиледи.

Ошондой эле аксакал    жогоруда белгилеген  ыйман жылына карата “Адал Эмгек, Асыл Дөөлөт” аталышындагы  китеп чыгаргандыгын да  кошумчалады. Китепте  адал тамак –аш, малды туура союу жөнүндө жазылган.  “Малды союу дагы  зор мааниге ээ.  Негизги кеп  жеген ашыбыздын тазалыгында жатат. Кыргыздар малды сойгондо да, Кудайды эстеп,  ырымдарды карманышкандыгын” -  айтып, китеп жөнүндө баяндады. 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 53

Окшош жаңылыктар