Дене тарбия жана спортко каралган жалпы каражаттын кеминде 3%ы спорттун паралимпиадалык түрлөрүн өнүктүрүүгө сарпталышы керек

27-06-2016 18:26

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулардын (ДМЧА) саны 1000 кишиге да жетпейт. Ошондон улам, майыптар спорту дээрлик жок деп айтылып келет. ДМЧАларга адаптацияланган дене тарбия жана спорт объекттери, спорттук шаймандар, медициналык адистер, классификаторлор, атайын окуудан өткөн машыктыруучу-окутуучулар жок. Ошондой болсо да бүткүл дүйнөдө майыптар спортуна, дене тарбия жана спорт аркылуу ДМЧАларды социалдаштырууга зор көңүл бурулат. Паралимпиадалык спортсмендердин эл аралык пара оюндарга жана мелдештерге катышуусу сөзсүз түрдө өлкөнүн кадыр-баркына жакшы эле таасирин тийгизет. Бул тууралуу негиздемелер «Паралимпиадалык спорт жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда камтылган. Аны бүгүн, 27-июнда  Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети экинчи окууда талкуулап, жактырды.

Өкмөт тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоорунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды дене тарбия жана спорт менен туруктуу машыгууга тартуу тууралуу сөз болот. Ошонун негизинде майыптар спортун өнүктүрүүгө багытталган укуктук мамилелер жөнгө салынат.

Мыйзам долбооруна Адаптациялык дене тарбия жана спорттун, паралимпиадалык спортсмендин, классификатордун, лидер машыктыруучу, лидер спортсмен деген аныктамалар киргизилген.

Мыйзамдын долбоору менен майып спортсмендердин социалдык жактан корголушун жогорулатуу каралган. Алсак, Мыйзамдын долбоорунда дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө каралган каражаттардын республикалык жана жергиликтүү бюджеттин кеминде 3%ын спорттун паралимпиадалык түрлөрүн өнүктүрүүгө багыттоого милдеттендирген ченем белгиленген. Орточо алганда бул сумма 14,5 млн. сомду түзөт (Мамагенттиктин бюджети 469,1 млн. сом, облустук спорттук иш-чараларга бюджет 15,8 млн. сом). Бүгүнкү күнгө салыштырганда паралимпиадалык спортту өнүктүрүүгө 2,0 млн. сомго жакын каражат бөлүнөт. Бул маалыматтар мыйзам долбоорун жүзөгө ашырууга республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылынбай тургандыгын далилдеп турат. Каралган каражаттардын ичинен  3,8 млн. сомго жакыны адистештирилген коррекциялык мекемелерде даярдоого багыттала тургандыгын белгилей кетүү керек (адистештирилген 20 коррекциялык мекемелерде 2 машыктыруучунун эмгек акысы 8000 сом * 12 ай). Калган каражаттар пара спорттун спорттук-массалык иш-чараларына жана инфраструктурасына жумшалат.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 949

Окшош жаңылыктар