КСДП парламенттик фракциясында Өкмөттүн миграциялык кырдаал тууралуу маалыматы угулууда

19-05-2017 11:44

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын бүгүн, 19-майда өтүп жаткан кезектеги жыйынында Өкмөттүн Кыргыз Республикасындагы миграциялык кырдаал тууралуу маалыматы угула баштады. Жыйынга бир катар өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Өкмөттүн маалыматына караганда, азыркы учурда болжол менен 750 миӊден ашуун эмгек мигранты чет өлкөлөрдө жүрөт. "Мисалы, Орусияда 616 миӊ, Казакстанда 30 миӊ, Кореяда 14 миӊ, Түркияда 30 миӊ, дагы башка алыскы өлкөлөрдө 20 миӊ эмгек мигранты катталган. Ал эми 2016-жылы Кыргызстанга 2900 адам туруктуу жашоо үчүн келсе, 6700 адам сыртка чыгып кеткен", - дейт вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

Андан тышкары, Улуттук банктын маалыматына ылайык, эмгек мигранттары тарабынан 2015-жылы 1 млрд 168 млн доллар, ал эми 2016-жылы 1 млрд 991 млн доллар көлөмүндө каражат которулганы белгилүү болду. Дүйнөлүк банктык баалоосу боюнча бул каражат өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн 30 пайызга жакын бөлүгүн түзөт.

Ошентсе да, мигранттардын агымын басаӊдатуу маселеси курч бойдон турат. Анткени, эмгекке жарамдуу курактагы жарандардын сыртка чыгып көтүүсү, өлкөнүн демографиялык абалына терс таасирин тийгизбей койбойт. Ал келечекте көптөгөн көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.

КСДП фракциясында Өкмөттүн миграциялык кырдаал тууралуу маалыматын талкуулоо жол-жоболору улантылууда.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 565

Окшош жаңылыктар