Төрага Чыныбай Турсунбеков эки күндүк иш сапар менен Ош облусуна барды

19-05-2017 10:54

Бүгүн, 19-майда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков эки күндүк иш сапар менен Ош облусуна барды.

Сапардын алкагында Төрага Чыныбай Турсунбеков жер титирөө катталган Ош облусунун Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди, Шибээ  айылдарындагы жергиликтүү эл менен жолугушат. Ошондой эле Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылына барып, жер көчкүдөн жабыркаган жарандардан да кабар алат. Андан тышкары, Ош шаарындагы жана Ош облусундагы бир катар социалдык мекемелердин курулушу менен да таанышары күтүлүүдө.

 

КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 139

Окшош жаңылыктар