Депутат Мыктыбек Абдылдаев 47 жыл мурун өзү окуп бүтүргөн мектептин окуучулары менен жолугушту

18-05-2017 09:57

17-майда Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынан депутаты Мыктыбек Абдылдаев 47 жыл мурун өзү окуп бүтүргөн Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылынын Каратал Табалдинов атындагы орто мектептин 9-10-11-класстарынын эң жакшы окуган окуучуларын Жогорку Кеңешке чакырып, парламенттин иши менен тааныштырды.  

Жолугушуу учурунда депутат окуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берип, балачагы тууралуу да маалымат берүү менен бирге алардын мыкты инсан болушуна багытталган кеп-кеӊеши менен да бөлүштү.

Ошондой эле эл өкүлү маектешүү учурунда саясатчы, айрыкча, депутат, башкы прокурор, ички иштер министри болууну балачагында кыялданбагандыгын белгилеп, бирок, жакшы окуса бардык тепкичтерди басып өтүүгө болоорун кошумчалады. Ага ылайык балдарды жакшы окууга үндөп, келечек алардын колунда экенин эске салды. Андан тышкары, окуучуларга өзүнүн арнап алган белектерин тапшырды.

Жолугушуудан соң окуучулар парламенттин жалпы жыйынын жакындан көрүп, Жогорку Кеңешке болгон бүгүнкү саякат терең таасир калтырганын, бул жаатта келечектүү максаттарды койгондуктарын билдиришти.

 

КР Жогорку Кеӊештин "Бир Бол" фракциясынын катчылыгы

 

Көрүүлөрдүн саны : 565

Окшош жаңылыктар