ЖАҢЫЛЫКТАР 18.05.17.

18-05-2017 09:01

Жогорку Кеӊеште шайлоо жүрүмүн өркүндөтүү максатында иштелип чыккан «КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Демилгечилердин маалымадашынча, президенттикке талапкерлердин күрөөсүн  2 млн сомго чейин көтөрүү чарасы сунушталууда. Депутат Исхак Масалиев ,-салык декларациясын тапшыргандардын эң көп кирешелүү дегендеринин да жылдык табылгасы 1000 000 сомго жетпейт. Анда президенттикке талапкер катары эч ким күрөө акысын таба албайт,- деген пикирин ЖК кечээки олтурумунда билдирди.

                             СНХ.И.МАСАЛИЕВ

Депутат Мирлан Бакиров дагы шайлоо жаатындагы талкууну улай,  9 пайыздуу парламенттик шайлоо босогосун 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө киргизилсе туура болмок,- деген пикирин ортого салды.

                             СНХ.М.БАКИРОВ

Депутат айымдар мандатын тапшырса, алардын ордун аял киши алмаштарышы керек,- деген талап болгон менен анын аткарылышы орундалбай келет,- дейт депутат А.Салянова.

                            СНХ.А.САЛЯНОВА

Жогорку Кеӊеште “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. Фаза-3» долбоору боюнча каржылоо жөнүндөгү макулдашуу каралып, экинчи окууда кабыл алынды. Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү 3 фазадан турат. Ушу тапта ынын 1- жана 2-фазасы Азия өнүктүрүү банкы менен Евразия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда ишке ашырылууда. 3-фазада калган эки турбоагрегатты алмаштыруу каралган. Ар бир агрегаттын кубаттуулугу 60 МВт чейин жогорулайт. Ал үчүн болжол менен 175 млн доллар көлөмүндө каражат талап кылынат. Аталган макулдашуунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы 50 млн доллар өлчөмүндөгү гранттык жана 60 млн доллар өлчөмүндөгү насыялык каражат бөлдү.

Калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясына ылайык, 425 айылында көлөмү 8 млрд 882 млн сомду түзгөн суу түтүктөрүн, ошондой эле 27 райондук борбордо өлчөмү 4 млрд 48 млн сом болгон саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын куруу жана реабилитациялоо боюнча иштер аткарылат. Бул багытта  КР Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну  жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча насыялык макулдашуу парламенттин кечээки жыйынында экинчи окууда каралды. Талкууда депутат Айтмамат Назаров,- “Ноокенде ууланган окуучулар кайра-кайра ооруканага түшүп жатат”, - деп билдирди. Ушундай уулануунун айынан,- “Айылда ата-энелери балдарын мектепке жибербей калышты. Эмне үчүн министрлик бүгүнкү күнгө чейин диагноз коё албай жатат? Маселе жабылып калбаш керек”,- дейт депутат.

                           СНХ.А.НАЗАРОВ

Мисалы, президенттикке талапкерлиги коюлгандардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо калыс бааланыш керек,- деген сунуш депутат И.Масалиев тарабынан айтылды. Дегинкиси, шайлоо системасында гана тил маселеси маанилүү жагдайга айланбай, ал дайыма актуалдуулугун жоготпошу керек. Бул тууралуу “Парламент” радиосуна курган маегинде КР Эл артисти Жамал Сейдакматова да билдирди.

                           СНХ.Ж.СЕЙДАКМАТОВА

“Эрдик- Подвиг”   коомдук фондунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов адеп жылында баалуу  иштерди  жасап келе жатат.  2010-жылы негизделген  коомдук фонд  Улуу Ата Мекендик согушта дареги дайынсыз калган жоокерлерди издеп –табуунун үстүндө иш алып барат.  К.Мырзаканов: “Бизге тынчтык жашоону тартуулаган аталарыбызды сыйлабасак, эрдигин даңтабасак, өзүбүздү ыймандуу деп айта албайбыз” – деген пикирин айтты. Фонд тарабынан ушул күнгө чейин  1367 жоокердин дареги табылып,  издеп  жүргөн туугандарына кабарланган.  

                          СНХ.К.МЫРЗАКАНОВ

Эми чет элдик кабарлар топтому менен кабарчыбыз Алия Назымова тааныштырат.

                                   ТАСМА

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 18-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын:+18...+23, Ош, Жалал-Абад: +20...+25, Баткен:+19...+24 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 18-майда жаан катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +19...+21 градус жылуу болот.
 

Көрүүлөрдүн саны : 666

Окшош жаңылыктар