ЖАҢЫЛЫКТАР 17.05.17.

17-05-2017 08:23

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кечээки жыйынында президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүгө арналган мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды. Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар: Дастан Бекешев, Айнуру Алтыбаева,Мирлан Жээнчороев, Үмбөталы Кыдыралиев, Дастан Жумабеков, Мирлан Бакиров, Алтынбек Жунус уулу, Алмасбек Акматов жана Алмамбет Шыкмаматов. Демилгечилердин маалыматына караганда, турмуш көрсөткөндөй, шайлоо мыйзамдары андан ары өркүндөтүүгө, анын ичинде шайлоо өтүүчү күндөр кайрадан тактоого муктаж. Мисалы, президенттике талапкерлердин күрөөсу 2 млн сомго чейин көтөрүү чарасы сунушталууда. Ошондой эле, шайлоо босогосун азыркы 7 пайыздан 9 пайызга чейин жогорулатуу зарыл.Ушул маселе парламенттин бүгүнкү, 17-майдагы жыйынында да каралат.Бир катар райтификациялык мыйзам долбооруна да көңүл бурулат. “Тамекинин зыяндуу таасиринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат.”Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндөгү” мыйзамга кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр менен катар “Билим берүү” жөнүндөгү мыйзамга да сунушталган өзгөртүүлөр бүгүнкү жыйындын кароосуна чыгат.

Эл аралык, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет  КР Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуу тууралуу ратификациялык мыйзам долбоорун жактырды. Анда элетти суу менен камсыздоо жана республикадагы санитария маселесин чечүү жагдайлары эске алынган. Насыя 30 жылга берилет. Анын 10 жылдан ашык мөөнөтү жеңилдетилген шарттардын негизинде эсептешилет. Депутат Акылбек Жамангулов долбоорду ишке ашууда кечигип калуулар болбойбу? Деги эле анын иштетиле турган жери так аныкталганбы? - деп суроо койду.

                     СНХ.А.ЖАМАНГУЛОВ

Депутат Бахадыр Сулейманов ошол эле Эл аралык комитеттеги каралган курулуш иштери боюнча маселеде пикир бөлүшүп, Мамлекеттик курулуш, архитектура боюнча агенттиктин кызматкерлеринин жоопкерчиликтерин кароону сунуштады. Ошону менен катар мамлекеттин мүлкү пайда таппай эле эмнеге жеке менчиктер гана кирешелүү иштеп жаткандыгын тактоого алган депутат бул жерде жемкордуктун кулагы чыгып турат,- деди. 

                     СНХ.Б.СУЛЕЙМАНОВ                        

“Кыргыз Республиксынын Улуттук Илимдер Академиясы” тууралуу мыйзамына   сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, Илимдер Академиясынын  Президенти  Өкмөт тарабынан шайланат. Ошондой эле, бул кызматка академиктер жана мүчө корреспонденттердин ичинен  70 жаштан улуу эмес кызматкердин  болушу каралууда. Бул багытта тармактык комитетте кеңири талкуу болду.  Аталган комитеттин төрайымы, депутат Гүлкан Молдобекова буларды айтат:

                     СНХ.Г.МОЛДОБЕКОВА

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев,  2013-2017 –жылдар аралыгындагы “Ден соолук” улуттук программасынын аткарылышы тууралуу  Социалдык комитетте маалымат берди. Аталган  реформага ылайык,  калктын  ден соолук көрсөткүчтөрүнүн   өсүшү негизги  максат  болуп саналат.  Азыркы учурда, калкка медициналык жардам көрсөтүүдө 64 үй-бүлөлүк медицина борбору, 28 жалпы практикалык дарыгерлер борборлору жана 674 үй-бүлөүк дарыгерлер топтору  кызмат  көрсөтүп келишет.

                    СНХ.Т.БААТЫРАЛИЕВ

Депутат Алмазбек Токторов ММКФ тарабынан каржылоо иштери кечеңдеген фактылар бар экендигине токтолуп, мындай көрүнүш көбүн эсе аймактардагы ММКФ бөлүмдөрүнүн иштерине туура келип жаткандыгын сынга алды.

                   СНХ.А.ТОКТОРОВ

Белгилүү болгондой, Улуу Ата мекендик согуштун кесепеттери бүгүнкү күнгө чейин өз кара тагын жогото элек. Биздин көптөгөн мекендештерибиз  ушул күнгө чейин  согуш учурунда өздөрүнүн курман болгон туугандарын жана жакындарын издеп жана алардын көрүстөндөрүн табышууда.Мунун алкагында, ыйгарым укуктуу органдарга туугандарынын бейитине барууну ниет кылган, калктын  социалдык жактан аярлуу катмарындагы финансылык мүмкүнчүлүктөрү болбогондорго «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бул максаттарга каралган каражттардын эсебинен барууну уюштуруу жолу менен көмөк көрсөтүү зарылдыгы келип чыгат. Бирок аталган Мыйзам 1996-жылы кабыл алынгандыгына карабастан, бир дагы аскер кызматчысынын үй-бүлөсү өзүнүн Улуу Ата мекендик согушта дайынсыз жоголгон тууганынын  көмүлгөн жерине баруу укугун пайдаланбаган.  Мунун себеби каражаттардын жоктугунда гана эмес, бул жерде аталган ченемдин туура эмес чечмеленишинде турат. Бул тууралуу маселени күн тартибине алып чыгып жаткан демилгечи депутат А.Салянова.  

                   СНХ.А.САЛЯНОВА

               АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 17-майда республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: +22…+27;Ош, Жалал-Абад, Баткен: +24…+29; Ысык-Көл, Нарын: +19…+24; бийик тоолуу райондордо +4…+9 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 17-майда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы +24…+26 градус жылуу болот. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу 19-майга чейин тоолуу аймактарда сел коркунучу сакталууда. Дарыяларда суунун көлөмү көбөйөт, - дешет синоптиктер.

Көрүүлөрдүн саны : 701

Окшош жаңылыктар