ЖАҢЫЛЫКТАР 16.05.17.

16-05-2017 09:12

Кечээ, 15-майда Төрага Чыныбай Турсунбеков АКШнын Освего шаарында 12 июндан 17-июнга чейин өтө турган GENIUS олимпиадасына Кыргызстандын атынан катышуучу мектеп окуучулары Кансаар Кудайбаков менен Тимур Комарды кабыл алды. Окуучуларга ийгилик каалаган Төрага Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин билдирип: "GENIUS олимпиадасына жолдомону Бишкекте өткөн робот техникалары боюнча таймашта жеӊип алганыӊар боюнча маалыматым бар. Мени өлкөбүздө силердей акылдуу, бийик максаттуу балдардын бар экени кубандырат. Баарыбыз билгендей, экономикабыз жана мамлекетибиз инноациялык технологияларсыз өнүгүшү мүмкүн эмес. Келечекте республикабыздын технологиялык жактан өнүгүүсүнө чоң салымыңарды кошосуңар деген чоң үмүтүм бар" - деди. Ошондой эле биздин балдар таланттуу, биз ар бир баланын ийгиликтүү жана мамлекетке керектүү инсан болуп чоӊоюшу үчүн керектүү иштерди жасашыбыз зарыл- деп кошумчалады.Жолугушуунун алкагында Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеӊештин атынан Төраганын резервдик фондунан материалдык жардам көрсөттү.

Былтыр курулган жолдордун сапатына бат эле доо келтирилип жатат. Мындай нааразычылыгын депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кечээки жыйынында билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, башка мамлекеттерде таманташ, жээкташ 100 жыл мурун салынса, азыркыга чейин абалы жакшы. Андан соң депутат Кыргыз мамлекетинде жолдордун курулушунун сапатын көзөмөлдөөчүлөр барбы деген суроо салды.

                      СНХ.С.НЫШАНОВ

Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу маалымат угулуп жатканда Балыкчы – Корумду автожолунун курулушуна бюджеттен дагы 790 млн сом көлөмүндө каражат бөлүнөрү белгилүү болду. Ал эми депутат Зиядин Жамалдинов туристтик мезгил башталып калганын эске салып, жолдун курулушун каржылоо чараларын тездетип, туристтерге жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал тендерге катышуучу фирмалар канча ирет сынакка катыша ала тургандыгын да тактады.

                      СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Жогорку Кенештин Бюджет жана финансы боюнча комитети сатып алуу жол-жоболорун жөнгө салууга багытталган «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, азыркы учурда баардык мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдарына 1 млн сомго чейинки сатып алууларды сынаксыз эле жүргүзүүгө уруксат берүү чаралары иштелип чыкты. Ошондой эле, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдары өз бюджетинин 3 пайыз өлчөмүндөгү каражатка да сынаксыз сатып алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.Ошондон улам, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга «атайын тартип», «улуттук режим», демпингдик баа» сындуу бир катар жаӊы түшүнүктөр киргизилүүдө. Анткени, улуттук мыйзамды Евразия экономикалык бирлигинин курамына кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирүү милдети турат. Талкууда депутат Улан Примов ата мекендик өндүрүшчүлөргө 20%дык жеңилдиктер каралыш керек,- деп билдирди.                         

                     СНХ.У.ПРИМОВ

Депутат Бактыбек Райымкулов айрым айылдардын бир лампочкага короткон чыгымы 6 миң сомго жеткендигин айтып, тендерди өткөрүүдө мындай тескери жоруктар көп экендигине кейиди. Анан калса мындай баалоо иштерин көз карандысыз эксперттер жүргүзгөндүгүнө да таң калды.

                    СНХ.Б.РАЙЫМКУЛОВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Алия Назымова тааныштырат.

                               ТАСМА

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 16-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан-жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, айрым жерлерде күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+24...+29, Талас:+23...+28 Ош, Жалал-Абад, Баткен:+25...+30, Ысык-Көл:+ 20...+25, Нарын:+21...+26 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 16-майда кечке маал өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +25...+27 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 673

Окшош жаңылыктар