Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков: "Кыргызстандын келечеги таланттуу жаштардын колунда"

15-05-2017 14:00

Бүгүн, 15-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков АКШнын Нью-Йорк штатындагы Освего шаарында 12 июндан 17-июнга чейин өтө турган GENIUS олимпиадасына Кыргызстандын атынан катышуучу мектеп окуучулары Кансаар Кудайбаков жана Тимур Комарь менен жолугушту.

Окуучуларга ийгилик каалаган Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин билдирип: "GENIUS олимпиадасына жолдомону Бишкекте өткөн робот техникалары боюнча таймашта жеӊип алганыӊар боюнча маалыматым бар. Мени өлкөбүздө силердей акылдуу, бийик максаттуу балдардын бар экени кубандырат. Баарыбыз билгендей, экономикабыз жана мамлекетибиз инноациялык технологияларсыз өнүгүшү мүмкүн эмес. Келечекте республикабыздын технологиялык жактан өнүгүүсүнө чоң салымыңарды кошосуңар деген чоң үмүтүм бар" - деди.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы өлкө жетекчилигинин келечектүү багыттарынын бири кыргызстандык окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн зарыл болгон баардык шарттары түзүү экенине токтолду. "Жогорку Кеӊеш, Өкмөт жана баардык жергиликтүү органдардын жетекчилери өсүп келе жаткан муундун келечеги үчүн кызмат кылышы керек. Биздин балдар таланттуу, биз ар бир баланын ийгиликтүү жана мамлекетке керектүү инсан болуп чоӊоюшу үчүн керектүү иштерди жасашыбыз зарыл"- деп кошумчалады.  

Жолугушуунун алкагында Чыныбай Турсунбеков Төраганын резервдик фондунан материалдык жардам көрсөттү.

Өз кезегинде Кансаар Кудайбаков менен Тимур Комарь Жогорку Кеӊештин Төрагасына ыраазычылык билдирип: "Биз силердин үмүтүӊөрдү актоого баардык күчүбүздү жумшайбыз" - дешти.

КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1509

Окшош жаңылыктар