ЖАҢЫЛЫКТАР 15.05.17.

15-05-2017 08:41

Төрага Чыныбай Турсунбеков Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү алдында калып, каза тапкандардын жакындарына жеке Төрагалык фондунан акчалай жардам көрсөттү. Депутат Аалы Карашев Төрага Чыныбай Турсунбековдун атынан жер көчкүдөн улам жакындарын жоготкон ар бир үй бүлөгө 80 миӊ сомдон тапшырды. Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбеков жер көчкү катталган күнү, 29-апрелде Аюу айылына барып, жакындарын жоготкондордон кабар алып, жергиликтүү эл менен жолуккан. Анда Чыныбай Турсунбеков Өкмөттү кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюуга чакырып, жеке Төраганын фондунан каржылык жардам көрсөтүлөрүн убада кылган.

Бүгүн, 15-майдагы жыйынында Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасын реформалоо боюнча 2012-2018-жылдарга карата “Ден соолук” улуттук программасын ишке ашыруу жөнүндөгү маселени карайт. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин баяндамасы угулмакчы. Ошондой эле “Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да экинчи окууда каралат.

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам  долбоору болсо Бюджет жана каржы комитетинин бүгүнкү олтурумунун талкуусуна чыгат. Бул маселе Өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан соң, негизги түшүндүрмөнү Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев бермекчи. Ошондой эле ал 2017-жылга  Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин  учурдагы аткарылышы  жөнүндөгү суроодо дагы баяндамачы болот. Андан тышкары ”Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча” Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору  дагы ушул эле тармактык комитеттин кароосуна коюлат. Негизги баянламасы -Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек  Мурашев.

КСДП парламенттик фракциясында «Улуттук холдинг» ачык акционердик коомун түзүү боюнча Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоору каралып жатканда, депутат Осмонбек Артыкбаев мамлекеттик ишканалардын ишин жакшыртуу үчүн адегенде атайын программа иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. «Көп жылдардан бери эле андай кылыш керек, мындай кылыш керек деп келебиз, азыркыга чейин жылыш жок. Алтургай, мамлекеттик ишканалардын баасы да так аныктала элек. Ишканаларды капиталдаштырып, алардын наркын көтөрүү керек», - дейт эл өкүлү.

                      СНХ.О.АРТЫКБАЕВ

Депутат Анвар Артыков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаковдун «Мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин адистиги төмөн, ошондон улам натыйжалуу иштей албай жатат» деген сөзүн эске салып, ошондой начар жетекчилерди Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өзү дайындап жатканын айтты. «Начар жетекчилер жеп-ичип, бүт мүлкүн чачып жатса, каяктан киреше алып келмек эле», - дейт ал.

                      СНХ.А.АРТЫКОВ

Ири өндүрүш шаарларына айланган бир кездеги Кара-Балта, Токмок шаарларынын азыркы абалы эмне болду? Бул мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүнүн алып келген жыйынтыгы?! Бишкек шаарындагы мамлекеттик ишканалардын жашаганы – жашап, таланып-тонолгону тонолуп кетти,- деген депутат Рыскелди Момбеков, -реформа деген көшөгөнүн артында банкроттуулук тургандыгын ачыктады.

                     СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Депутат Асылбек Жээнбеков мамлекеттик ишканалардын катарында ири кен байлыктарын иштетүүчү тармактар бар экендигин санап, буга алтын жана көмүр иштетүүчү багыттарды атады. Эмнеге жеке тараптар сыяктуу мамлектетик ишканалар инветор таап келип, ишти илгери жылдыра албайт?- деген суроого адистерден жооп күттү.

                    СНХ.А.ЖЭЭНБЕКОВ

Депутат Иса Өмүркулов мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо чаралары жакында эле башталганын, ага чейин мамлекетке караштуу ишканалардын мүлкү –таланып-тонолуп, карыздары гана калганын белгиледи. «Улуттук холдингди түзүү – жакшы идея, бирок аны Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду башкарабы же Экономика министрлиги башкарабы? Экономика министрлиги ишканаларды өнүктүрүү менен эмес, аларды банкротко учуратуу менен алектенип калды, анан каяктан өсүү болот? Минтип отурсак, кирешелүү компаниялардын баары талкаланып бүтөт. Бул маселе боюнча Экономика министрлигинин маалыматын угуш керек», - дейт депутат.

                     СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

16-19-майда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, 17-18-майларда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып,  тайгак болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн. 17-18-майларда абанын күндүзгү температурасы бир топ  төмөндөп, Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 18…23°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоолуу райондордо 0…5 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.​Ал эми бүгүн, 15-майда жергебизде жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+31...+36 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көл: +23...+28, Нарын:+25...+30 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 15-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +32…+34 градус ысык болот.

Көрүүлөрдүн саны : 744

Окшош жаңылыктар