Жогорку Кеӊештин Төрагасынын фондунан Аюу айылындагы жер көчкү алдында калып каза тапкандардын жакындарына акчалай жардам көрсөтүлдү

12-05-2017 18:08

Бүгүн, 12-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү алдында калып, каза тапкандардын жакындарына жеке Төрагалык фондунан акчалай жардам көрсөттү.  

Жогорку Кеӊештин депутаты Аалы Карашев Төрага Чыныбай Турсунбековдун атынан жер көчкүдөн улам жакындарын жоготкон ар бир үй бүлөгө 80 миӊ сомдон тапшырды.

Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбеков жер көчкү катталган күнү, 29-апрелде Аюу айылына барып, жакындарын жоготкондордон кабар алып, жергиликтүү эл менен жолуккан.

Жолугушууда Чыныбай Турсунбеков Өкмөттү кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюуга чакырып, жеке Төраганын фондунан каржылык жардам көрсөтүлөрүн убада кылган.

КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 433

Окшош жаңылыктар