ЖАҢЫЛЫКТАР 11.05.17.

11-05-2017 09:45

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин комитеттери иш алып барышат. Анткени, бул тууралуу парламенттин кечээки, жыйынында тиешелүү чечим кабыл алынган.

                           СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

Депутат  Руслан Казакбаев («Республика – Ата Журт» фракциясы) Жогорку Кеңештин парламенттик оппозициясынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамындагы өкүлү катары аныкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды. Белгилей кетсек, Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамындагы өкүлүнө депутаттар Руслан Казакбаевдин («Республика – Ата Журт» фракциясы), Наталья Никитенконун («Ата Мекен» фракциясы), Мирлан Бакировдун («Өнүгүү – Прогресс» фракциясы) талапкерлиги көрсөтүлүп, электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Руслан Казакбаев тандалып алынды.

Жогорку Кеӊеште акционердик коомдордун ишин кайрадан ыраатташтурууга жана миноритардык инвесторлордун укуктарынын корголушун жакшыртууга багытталган “Акционердик коомдор жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы 62 добуш менен кабыл алынды. Сунушталып жаткан түзөтүүлөрдүн кабыл алынышы “миноритардык инвесторлордун укуктарын коргоо” индикаторлорун жана бул рейтинг боюнча Кыргызстандын жалпы позициясын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Талкууда депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору жакшы экенин, бирок ал азыркы Кыргызстандын шартында иштебей турганын баса белгиледи.

                         СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Сунушталып жаткан чаралар акционердик коомдун ичинде талаш-тартыштарга жол ачышы мүмкүн ,- деген депутаттардын дагы бири Улугбек Ормонов,- “директорлор кеӊешинин көз каранды эмес мүчөсү” деген аныктама таптакыр туура эмес экенин айтты.

                         СНХ.У.ОРМОНОВ

Жогорку Кеӊеште этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салууга багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды. Анын маанисин түшүндүрүп, микрофондо демилгечилердин бири депутат Азамат Арапбаев.

                        СНХ. А.АРАПБАЕВ

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөгөн атайын бирдиктүү мамлекеттик тутумду түзүү чарасы каралууда. Демилгечилердин айтымында, бирдиктүү тутум аткезчиликке бөгөт коюп, бюджеттик кирешелердин көбөйүшүн шарттайт. Себеби, азыр көмүскө алкоголдук продуктарды өндүргөндөрдүн саны өтө арбын.Бирок, бул жаатта жакшылап ойлонулган кадам керек,- деген пикирин депутат Айтмамат Назаров билдирди.

                       СНХ.А.НАЗАРОВ

Ал эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Алия Назымова тааныштырат.

                               ТАСМА

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 11-майда Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+ 23...+28; Талас:+ 22...+27; Ысык-Көл:+17...+22; Нарын:+18...+23,  бийик тоолуу райондордо +3...+8 градус жылуу болот.  Бишкек шаарында бүгүн, 11-майда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы +26…+28 градус жылуу болот.

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 711

Окшош жаңылыктар