ЖАҢЫЛЫКТАР 10.05.17.

10-05-2017 08:18

Бүгүн, 10-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Долбоорду депутаттар Б.Төрөбаев, А.Өмүрбекова, Н.Макеев, Г.Асылбаева, М.Жеенчороев, А.Мамашева, Д.Бекешев, А.Жапаров, К.Рыспаев,Т.Икрамов жана А.Арапбаев демилгелешүүдө.  Ал эми экинчи окууга чыгарыла турган маселе - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр. Аны депутаттар Э.Байпакбаев, П.Тулендыбаев демилгелеп жатышат.   “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине да сунушталып жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда талкууланат. Маселенин демилгечиси Өкмөт. “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору да Өкмөт тарабынан сунушталып, экинчи окууда каралат.  “Жогорку Кеңештин парламенттик оппозициясынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамындагы өкүлүн аныктоо жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин токтом долбооруна да бүгүнкү жыйында көңүл бурулат.

Депутат Мирлан Жеенчороев кооптуу делген жерлер аныкталып, корутундусу убагында чыгып, элге туура түшүндүрүү иштери жүрдү дегенге ишенбестигин өзү келтирген мисалдар менен бышыктады. Эгерде кооптуу жерлер так аныкталганда, ал аймактарга мектептер курулбайт эле да? Жок жаңы курулуп жаткан мектептердин ошондой коркунуч жараткан тилкелерге түшүп жатканы түшүнүксүз,- деди.

                       СНХ.М.ЖЕЕНЧОРОЕВ

Өтмөк ашуусу аркылуу жол жүрүү жанды тиштеп жүрүп сапарга чыккандай кылат. Буга эмнеге тиешелүү министрлик көңүл бурбайт? Ошол аймакта бензин ташыган машина кулаганда 30 тоннадай керосин төгүлдү. Шашылыш жолго чыккан жаш балдары бар жүргүнчүлөр ошол керосиндин үстүнөн өтүүгө аргасыз болду. А эгер өрт чыкса эмне болмок?- деген тынчсыздануусун депутат Руслан Казакбаев билдирди.

                       СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ

Кыргызстандын аймагында жер көчкү коркунучу бар, кооптуу делген 4500дөй аймак бар. Ал аймакта жашаган 3600дөн ашуун үй-бүлөгө көчүп кетүү боюнча эскертүү берилген. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген эле. Депутаттар болсо кырсыктын алдын алуу, кооптуу жерде жашагандарга жер бөлүп берүү, аны трансформациялоо маселелерин тездетүү сунуштарын айтышты. 

Депутат Айтмамат Назаров табигый кырсыктардын алдын алууда бак-дарактарды олтургузуу, дамбаларды казуу сыяктуу иштер дагы өзгөчө мааниге ээ экендигин билдирип, бул багытта бир мамлекетти карап олтурбай, жапа тырмак жалпы ишке киришүү керектигин сунуштады.

                       СНХ.А.НАЗАРОВ

Экологияны сактоодо колдонула турган бир топ ыкмалар бар экендигин билдирген депутаттардын дагы бири Кожобек Рыспаев. Ал чычырканак сыяктуу табигый бадал, дарактардын ордуна токтолду.

                      СНХ.К.РЫСПАЕВ

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 10-майда кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 25...30; Ысык-Көл, Нарын:18...23; бийик тоолуу райондордо 3...8 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 10-майда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 28…30 градус жылуу болот. 

Көрүүлөрдүн саны : 633

Окшош жаңылыктар