ЖАҢЫЛЫКТАР 27.06.16.

27-06-2016 08:37

Төрага Чыныбай Турсунбеков өткөн аптанын соңунда Нарын облусунун Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун кирген суулар жеп кеткен жолдорунун абалы менен таанышып, ага карата көрүлүп жаткан чаралардан кабар алды. Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун 249-252 чакырымындагы Кочкор районуна тиешелүү Сары-Булак аймагындагы жолду кирген суу жеп баштаган. Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков Нарын облусунун №955 ДЭПи тарабынан бул жолду алдын ала бекемдөө иштерин жүргүзүп жатканына күбө болду. Ал эми Нарын районундагы Салкын-Төр мамлекеттик паркындагы көпүрөнү, ички жолдорун коктудан кирген суу алып, керектен чыгарган. Төрага Чыныбай Турсунбеков жергиликтүү элге, сырттан келүүчү эс алуучуларга болгон мындай ыңгайсыздыкты жоюу максатында, жаратылыш кырдаалынын кесепеттерин тезинен четтетүү үчүн тиешелүү министрликтерге жеринде тапшырма берди. Андан ары парламент төрагасы аталган райондун Дөбөлү айылындагы Нарын -Оорук-Там жолунун суу жеп кеткен жерине барды. Алгач күндүн ысышы менен коктудан келүүчү суунун деңгээлин көбөйүп келип район борбору менен бир нече айылдарды байланыштыруучу жолдогу суу өткөргөн чоң түтүктү алып кеткен, натыйжада байланыш таптакыр үзүлгөн. Жергиликтүү бийлик жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчү менен суу өтүүчү түтүк кайра салынып, байланыш калыбына келтирилген. Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин Төрагасынын фондусунан Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына кан тамырга айланган мындай жолдорду кирген суудан бекемдөө иштерине деп 100 миң сом тапшырды.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы «Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагыч курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун жактырды. Маалыматта 2003-жылдан тартып курулуш материалдарынын баасы өскөндүгү, жыл сайын капиталдык салымдарга болгон баанын индекси жогорулагандыгы белгиленген. Ошондой эле азыркы убакта инфляцияга, доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу жашоого зарыл курулмаларды жүзөгө ашыруу үчүн 43,0 млн. сом суммасындагы каражат жетишсиз болууда. Буга байланыштуу, Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагыч куруудан келтирилген зыяндарды компенсациялоонун өлчөмүн 43,0 млн. сомдон 70,0 млн. сомго чейин көбөйтүү сунушталган.

Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Анын демилгечилеринин бири депутат Айбек Алтынбековдун айтымында, бул ирет биринчи жолу 5 жылга чейинки мөөнөткө соттолгон  жашы жете электер;  60 жаштан ашкан эркектер, ошондой эле 55 жаштан ашкан аялдар; андан сырткары ден-соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген I жана  II топтогу адамдар менен  экиден кем эмес жашы жете элек балдары же ден-соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген I жана  II топтогу балдары бар үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналган адамдар мунапыс алышат.

                                        СНХ.А.АЛТЫНБЕКОВ

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Бакытбек Термечиковдун билдиришинче, буга чейин кабыл алынган мунапыстар тууралуу мыйзамдан азыркы сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун бир топ  айырмачылыктары бар. “Атай келгенде, бандитизм, террроризм, уюшкан кылмыштуу топторго, диний кылмыштарга жана массалык баш аламандыктарга катышкан тараптарга азыркы мунапыс таркатылбайт деген түшүнүк негизги жаңылыктардан”,-  дейт Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү.

                                         СНХ.Б.ТЕРМЕЧИКОВ

Паспорттун жасалмалуулугуна жол бербөө үчүн анын коргоо элементтери ар бир 5 жыл сайын күчөтүлүп туруш керек. Ал эми азыркы колдонуудагы ID-карт үлгүсүндөгү паспорттордун колдонулуп жаткандыгына 12 жыл болду. Андан бери анын эч кандай коргоо элементтери өзгөртүлгөн эмес. Бул тууралуу маалымат берген Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов ошондой эле ички миграциянын абалына да токтолуп, 2014-жылдагы статистикалык көрсөткүчкө караганда 2015-жылдагы эсеп туруктуу катталган жерлерин өзгөрткөндөрдүн саны азайгандыгын ачыктады,- дейт.

                                         СНХ.М.ЭРЖИГИТОВ  

Бул тапта Жогорку Кеңештин фракциялары  аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарып, маалыматын  жарыялоодо. Мисалы, Өнүгүү-Прогресс фракциясы бул жолку сессиялык 8 айдын ичинде 24 ирет олтурумга чогулуп, маанилүү маселелерди карады. 35 мыйзам долбоорун жазып чыкты. Элден келип түшкөн 1570 каттын 1325ине жооптор кайтарылган. Ошондой кайрылуулардын бири оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта колдонуунун мөөнөтүн узартуу сунушу болчу. Бул тууралуу фракция лидери Бакыт Төрөбаев буларды белгиледи.

                                         СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Ысык-Көлдө Россиянын космонавттарынын эс алуу жана реабилитациялоодон өтүү борбору ачылат.  Буга Ысык-Көлдүн мыкты дарылоо санаторийлери, бийик тоодогу көл, кайталангыс климат менен кооз жаратылышы космонавттардын учуусуна жакшы шыпаасын тийгизип, учкучтар  кайтып келгенден киийн аларды  калыбына  келтирүүдө да чоң роль ойнойт. Бул тууралуу маселе Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Баатыры, учкуч-космонавт Салижан Шарипов менен Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаевдин  жолугушусунда талкууланды. Маалыматка ылайык, ачык космоско чыккан Алексей Леонов Ысык-Көлдү көрүп, аны "Жердин көзү" деп атаган. Ошондуктан,  сунушталып жаткан демилгеге  космонавттарды даярдоочу борбордун жетекчилиги да колдоо көрсөтөөрүнө ишенем,- дейт космонавт Салижан Шарипов.

КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай,  Орозо айт 6-июлга белгиленгендиктен, кийинки  аптанын шаршемби күнү  эс алуу күнү деп жарыяланды. Ал эми  7-8-июль кадимкидей эле иш күндөрү болуп эсептелет.

                                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 27-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурларда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+22...+27, Талас: +21...+26, Ош, Жалал-Абад:+25...+30, Баткен:+24...+29, Ысык-Көл: +17...+22, Нарын:+18...+23 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 27-июнда  жаан жаап, күн күркүрөйт.Абанын температурасы +25...+27 градус жылуу болот.

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 995

Окшош жаңылыктар