Кыргыз Республикасы 2016-жылдын жыйынтыгы менен безгек оорусу жок өлкө катары таанылды

24-04-2017 19:18

2016-жылы пенсионерлердин саны 617,4 миң кишини түзгөн. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 12,6 миң кишиге  көп. 2017-жылдын 1-январына карата пенсиянын орточо өлчөмү 5078 сомду түздү. Бул анын суммасы мындан эки жыл мурдагы караганда 325 сомго жогорулагандыгын көрсөтүп турат.

Социалдык жөлөкпул алуучулардын эсеби болсо 9,3%га төмөндөгөн. Бул жөлөкпулдардын даректүүлүгүн так аныктоо иштеринин жыйынтыгы. Жөлөкпулдардын көрсөткүчү 873,4 сомго барабар.Мындай маалыматтар бүгүн, 24-апрелде өткөн  Жогорку Кенешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында айтылды. Анткени, комитеттин кароосуна биринчи болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету коюлган. Бул багытта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова баяндама жасады.

Маалыматта айтылгандай, балдар менен энелердин өлүмү былтыркы жылдын жыйынтыгында 8%га төмөндөгөн. Ушундай эле төмөндөө тенденциясы байкалган оорулардын арасында  кургак учук, менингит, вирустук гепатиттин С түрү, сальмонеллез, эхинококкоз илдеттери бар.

Кыргыз Республикасы 2016-жылдын жыйынтыгы менен безгек оорусу жок өлкө катары таанылды. Мындай бүтүм Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан чыгарылган.

Билим берүү тармагында да мектепке чейинки курактагыларды балдар бакчларына тартуу иштери жандангандыгы байкалат. Натыйжада бакчага барган балдардын саны 30 минге өскөн.

ЖОЖдордогу студенттердин саны азайып, ал эми кесиптик лицейлер менен колледждердеги студенттердин саны  өсүш алган.

Окуу китептери менен камсыздоо иштери болсо 2016-жылы 2015-жылга караганда 4 %га жогорулап, 83,6%ды түзгөн.

Талкууда айтылган сын – пикирлердин көбү  2016-жылдагы  капиталдык ремонтту талап кылган мектептер тууралуу болду. Мындай оңдоп – түзөө иштерине  муктаж болгон 100 мектептин  98инде   жумуштар аткарылган. Мамлекеттик курулуш  агенттиги,    эскилиги жеткен  жана  ашар жолу менен салынган  окуу жайлар  авариялык абалда тургандыгын  белгиледи. Ошондой эле,  жаңы курулуучу 100 мектептин 77си бүткөрүлгөндүгү белгилүү болду. Азыркы тапта, ремонтко муктаж болгон жана жаңы курула турган  окуу жайлардын тизмесинин такталып жаткандыгы да айтты.

Билим жана илим министри Гульмира Кудайбердиева оңдоого муктаж болгон мектептер ар бир облус боючн такталып, Өкмөттүн кароосуна жиебрилгендигин  билдирди.

Депутат Жанар Акаев жол коопсуздугунан   каза тапкан   жаш балдар  тууралуу маселени көтөрдү. Ал өз сөзүндө белгилегендей,  жогорудагы көйгөй акыркы убактарда  массалык маалымат каражаттарында  байма-бай   чыга баштады. Андыктан, Парламент  Өкмөт менен биригип, “Коопсуз шаар”  программасын  ишке ашырууну сунуштады.   Ошондой эле ал коңшу өлкөлөрдө жүргүзүлгөн  бул программа   мыкты жыйынтыктарды алып келип жаткандыгын мисалга келтирди.

Андан тышкары депутат маданият  тармагынын  өкүнүчтүү абалда тургандыгына да Өкмөттүн көңүлүн бурду. Бул багытка депутаттар Рыскелди Момбеков,  Тазабек Икрамов , жана  Евгения Строкова да кайрылышты.  

Маселен, депутат Тазабек Икрамов – маданият кызматкерлеринин айлык-акысын көтөрүүнү сунуштады. Маданият жана туризм министрлигинин маалыматында, бүгүнкү күндө   театр  ишмерлеринин   орточо айлык маянасы 4000 сомдон  7000  сомго чейинки сумманы түзөт. Мындай майлык акы менен азыркы заманда үй-бүлөнү   багууга эч мүмкүн эмес,- дейт эл өкүлү.

Курулган 278 социалдык объекттердин ичинен алтоо гана маданият тармагына тиешелүү болгон менен анын үчөө гана толук пайдаланууга берилген. Бул 2,1%га барабар.

Ар бир 1000 кишинин 130у гана спорт менен туруктуу машыгат. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен алганда алардын жалпы саны 780 000 кишини түзгөн.

Талкуу жыйынтыгында Өкмөттүн 2016-жылдагы  иши тууралуу отчету тармактык комитет тарабынан канаттандырарлык  деп  табылды.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 357

Окшош жаңылыктар