Депутаттар тобу билим берүү сапатын аныктоого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга да акрредиттөө укугун берүү демилгесин сунуштоодо

21-04-2017 11:44

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясы билим берүү талаптарын аныктоочу Улуттук аккредитациялык кеңештин ишин жандандырууга багытталган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” («Билим берүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарга) мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Демилгечилердин бири депутат Абдывахап Нурбаевдин айтымында, акыркы жылдары көз карандысыз аккредиттөөнүн сапатына кепилдик берүү тутумун өнүктүрүү жаатында кыйла өзгөрүүлөр болду, билим берүүнүн минималдуу талаптарын аныктоочу Улуттук аккредитациялык кеңеш түзүлдү, бирок анын бирдиктүү усулдук ыкмалары түзүлгөн эмес. Айрым мыйзамдарда карама-каршылыктар бар болгондуктан, адегенде аларды жоюу милдети турат.

Мыйзамга ылайык, баадоо иштери жеке менчиктеги көз карандысыз аккредитациялоо агенттиктери тарабынан жүргүзүлгөн учурда, иштеп жаткан билим берүү уюмдарынын негизги бөлүгү бюджеттен каржыланууга тийиш. Ал үчүн ар беш жылда 200 млн сом көлөмүндө каражат талап кылынат. Андан тышкары, кесиптик билим берүү программаларын аккредиттөө баасы - 60 миң сом.

Ошондон улам, депутаттар тобу билим берүү сапатын аныктоого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга да акрредиттөө укугун берүү демилгесин сунуштоодо. Алардын пикиринде, мындай чара бюджеттик каражатты үнөмдөөгө жана билим берүү сапатын аныктоо жаатында атаандаштыкты арттырууга өбөлгө түзөт.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 361

Окшош жаңылыктар