ЖАҢЫЛЫКТАР 21.04.17.

21-04-2017 08:33

Бүгүн, 21-апрелде өтүүчү "Жай олтуруп баарлашуу" долбоорунда турак-жай, мамлекеттик ипотекалык насыя жана Бишкек шаарындагы, ошондой эле калаа четиндеги конуштардагы мыйзамсыз курулуш маселелери талкууланат. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары Ж.Турускулов, М.Аманкулов жана Мамлекеттик ипотекалык компания башкармалыгынын төрагасы Б.Шамкеев катышат. Долбоорго катышуу үчүн аккредитациядан өтпөгөн журналисттер төмөндөгү номурларга чалып катталуусу зарыл: 63-92-00

“Дача СУ калктуу пунктунда болгон кайгылуу окуядан жабыр тарткандар үчүн 100 миллион сомдон ашуун каражат чогулду. Бул каражат жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн үй алууга жетет экен. Ушул турак-жайлардан эле үй алып берсе болбойбу?”,- дейт депутат Азизбек Турсунбаев аткаруу бийлигине кайрылып.

                      СНХ.А.ТУРСУНБАЕВ

Депутат Нурланбек Макеев мамлекеттүүлүктү түптөөчүлөрдүн бири Баялы Исакеевдин атын түбөлүккө калтыруу максатында Нарын облусунун Кочкор районундагы Большевик айылына анын ысымын ыйгаруу маселесин 2-ирет көтөрдү. Анын айтымында, быйыл Б.Исакеевдин 120 жылдыгы белгиленет. Депутат КР Өкмөтү тарабынан иш-чара өткөрүүгө кандай жардам берилерине кызыкты.

                     СНХ.Н.МАКЕЕВ 

Өзбестан менен чек ара маселелерин чечүүдө жылыштар болуп жатканына токтолгон депутат Кенжебек Бокоев Талас облусунун Казакстан менен чектешкен Көк-Сай, Шекер айылдарына Чаткал жайлоосуна мал айдоого коридор берүү жагын чечип берүүнү КР Өкмөтүнүн астына койду.

                     СНХ.К.БОКОЕВ

Депутат Урматбек Самаев Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында массалык түрдө жылкылардын кулун салуусу болуп жатканын айтып, ветеринария кызматы тарабынан тиешелүү чаралар көрүлбөй жатканын сынга алды.

                    СНХ.У.САМАЕВ

Депутат Канатбек Керезбеков бүгүнкү күндө өспүрүмдөр виртуалдык дүйнө – интернет менен гана алектенип калып жатканына кабытырланып, өз сунушун аткаруу бийлигине жолдоду. «Мындай көйгөйдү жалпылап чечүү керек» деген депутат Дене тарбия жана жаштар агенттиги атайын концепциялык программа иштеп чыгып жаткандыгын айтып, алар менен чогуу иштөөгө даярдыгын айтты. Эл өкүлү ишке аша турган программа иштеп чыгып, аны жүзөгө ашыруу үчүн патриоттук-аскердик, спорттук ар кандай кыймылдарды уюштуруп, жол картасын түзүп иштөө зарылдыгын белгиледи. 

                   СНХ.К.КЕРЕЗБЕКОВ

Бүгүн, 21-апрелде жылдагыдай эле борбордук аянтта китеп жарманкеси өткөрүлөт.  Иш чара КР Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан уюштурулууда. Кен аянтка алып чыгып, кыркалекей стол тизип, не бир шедевр китептерди жайып, музыканы шаңшытып, ырчылар ырдап, бийчилер бийлеп турса да, өтүп баратып ошол тарапка кайрылган адамдардын аздыгы өкүндүрөт. Келгиле китепкөйлөрдүн катарын арбыталы,- дешет уюштуруучулар.

               АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет.Абанын температурасы Чүй:+18...+23, Талас:+17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+19...+24, Ысык-Көл, Нарын:12...+17 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 21-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы +20...22 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 119

Окшош жаңылыктар