2017-жылдын 20-апрелинде добуш берилген мыйзам долбоорлору

20-04-2017 12:37

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңеш жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2,3-окууларда кабыл алынды.

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Шыкмаматов А.Н., Кодуранова А.С., Джакупова Ч.И., Алтыбаева А.Т., Алимбеков Н.К., Бокоев К.С., Жылкыбаев У.К., Мусабекова Ж.А., Асылбаева Г.К., Юсуров А.Л., Тиллаев Т.Г., Карамушкина И.Ю.);

- “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.02.17деги № 124 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.03.17деги № 134 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Ж., Тулендыбаев П.Р., Асылбаева Г.К.).  

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Исмаилова А.Ж., Асылбаева Г.К., Бакчиев Ж.А., Иманалиев К.К., Никитенко Н.В., Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г., Субанбеков Б.Ж., Туманбаева Р.М.);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-аткаруу кодексине) (демилгечи – Өкмөт, 11.01.17деги № 16 токтом).

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

- “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Рыспаев К.Ж., Матраимов И.И., Тиллаев Т.Г., Турускулов Ж.К.);

- “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Ормонов У.З., Нышанов С.К., Бокоев К.С., Турсунбаев А.А., Исаков М.А.);

- “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 09.02.17деги № 83 токтом).

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 256

Окшош жаңылыктар