ЖАҢЫЛЫКТАР 20.04.17.

20-04-2017 08:34

Парламенттин бүгүнкү, 20-апрелги жыйынында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө», «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» сындуу бир катар мыйзам долбоорлору каралат. Ошондой эле, КР Өкмөтүнүн «Пайдалуу кендерди изилдөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын потенциалын күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому да талкууланмакчы.

“Каржы министрлиги социалдык объектилерди курууга каралган каражаттарды жылыга чымчым-чымчым өлчөмү менен бөлүп, иштер арбыбай жатат. Ошол эле учурда курулушу башталып, бүтпөй турган имаратардын сапатына доо кетип жатканын эмнеге ойлобойбуз?” – деген суроону Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы Мирлан Жээнчороев көтөрдү.

                               СНХ.М.ЖЕЕНЧОРОЕВ

Жогорку Кеңеш кечээ “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү 3-окууда карады. Мыйзам долбоору жалпыга маалымат каражаттарынын ишин укуктук жөнгө салуу жаатындагы укуктук мүчүлүштүктөрдү жоюуга чакырылган. ММК жөнүндө учурдагы мыйзам XX кылымдын 90-жылдарынын башында кабыл алынган жана ар кандай цензураны “сындырууга” чакырылган. Бирок цензурага каршы күрөшкө шылтоо кылып, мыйзамга өлкөнүн маалымат мейкиндигинин коопсуздугун жөнгө салуучу абдан зарыл ченемдер, сөз жана маалыматты таратуу эркиндиги жаатындагы эл аралык укуктун жалпыга таанылган ченемдери киргизилген эмес. ММК жөнүндө мыйзамда чет өлкөлүк уюштуруучулар үчүн чектөөлөр белгиленген эмес. Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып уюштуруучуларынын курамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу бир жылдын ичинде белгиленген тартипте кайра каттоодон өтпөгөн ММК массалык маалымат каражаттарын каттоо функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын тиешелүү арызынын негизинде сот тарабынан мажбурлап жоюлууга жатат.

“Акыркы мезгилде парламентти жаман аттуу кылуу көрүнүштөрү күчөгөндөй”,- деген депутат Жанар Акаев,- “ММКларда өлкөдөгү бардык көйгөйлөргө парламент күнөөлүү дегендей идеалогия жүрүп жаткандай”,- деп тынчсызданды.

                              СНХ.Ж.АКАЕВ

Депутат Акылбек Жапаров дагы ушул эле ММК тиешелүү теманы улап, "Журналист, ММКнын ээси бир тыйынына чейин элге отчёт бериши керек", - деп эсептээрин парламенттин кечээки жыйынында билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, нускасы 1000ге жетпеген гезиттердин ээлери, заңгыраган үйлөрдө, "Жип" үлгүсүндөгү унаа менен жүрүшөт. “Көмүскө каражат табуу жолдору болбош үчүн ар бир ММК ээлери отчёт бериши керек”, - дейт ал “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулаган учурда.

                             СНХ.А.ЖАПАРОВ  

Ипотекалык шартта турак-жайга ээ болуу бир гана мамлекеттик структурада иштеген кызматкерлерге эле эмес, жалпы башка жарандарга дагы ылайыкташтырылат. Буга Жогорку Кеңеш кабыл алган "Мамлекеттик ипотекалык насыя боюнча" мыйзам долбоору негиз берет. Ошондой эле жашап турган үйдү акырындык менен сатып алууда дагы ипотекалык насыяларды колдонуу шарттары ишке ашырылат. Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.

                            СНХ.А.ЖАМАНГУЛОВ

Ипотекалык насыя алуу үчүн кайрылгандардын жаш курагы боюнча да атайын чектер каралган. Бул банктардын талабы. Мисалы, насыя алуучунун жаш курагы 65тен жогору болбошу керек. Бирок, маселени чечүүнүн жолдору караштырылууда. Бул багытта Социалдык фонд менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат,- дейт “Парламент” радиосуна маалымат берген “МИК” ААК Башкармалыгынын төрага орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу.

                           СНХ.Н.ҮСӨНАКУН УУЛУ

                           АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 20-апрелде  Баткен облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондорго кар түшөт. Өлкө калган аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.Абанын температурасы Чүй: +22...+27; Талас:  +21...+26; Ош, Жалал-Абад, Баткен:+23...+28; Ысык-Көл: +14...+19; Нарын: +15...+20 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 20-апрелде жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +25…+27 градус болот.

Көрүүлөрдүн саны : 460

Окшош жаңылыктар