Ипотекалык турак-жайларды алуунун жол-жобосун билесизби?

19-04-2017 17:02

Ипотекалык шартта турак-жайга ээ болуу бир гана мамлекеттик структурада иштеген кызматкерлерге эле эмес, жалпы башка жарандарга дагы ылайыкташтырылат. Буга Жогорку Кеңеш кабыл алган "Мамлекеттик ипотекалык насыя боюнча" мыйзам долбоору негиз берет. Ошондой эле жашап турган үйдү акырындык менен сатып алууда дагы ипотекалык насыяларды колдонуу шарттары ишке ашырылат. Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов бүгүн, 19-апрелде “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.

КМШ мамлекеттеринин арасында биздеги белгиленген ипотекалык насыялардын пайыздык төлөмдөрү бир топ эле төмөн. Ошентсе дагы эл аралык инвесторлор менен иштешүү аркылуу пайыздык үстөктөрдү 7%га да түшүрсө болот,- дейт депутат.

Ипотекалык насыя алуу үчүн кайрылгандардын жаш курагы боюнча да атайын чектер каралган. Бул банктардын талабы. Мисалы, насыя алуучунун жаш курагы 65тен жогору болбошу керек. Бирок, маселени чечүүнүн жолдору караштырылууда. Бул багытта Социалдык фонд менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат,- дейт “Парламент” радиосуна маалымат берген “МИК” ААК Башкармалыгынын төрага орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу.

Жергиликтүү шартта берилип жаткан ипотекалык турак-жайлар үчүн кардар төлөй турган алгачкы салымдын пайыздык өлчөмү 10%дан башталат. Бул көпчүлүк жарандарга жеңилдик берет,- дейт адис. Ошондой эле ал, - эгер насыя алуучу алгачкы  салымды толук топтой албай кыйналса, күрөө коюу мүмкүнчүлүгүнөн да пайдаланса болорун түшүндүрдү.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 287

Окшош жаңылыктар