ЖАҢЫЛЫКТАР 19.04.17.

19-04-2017 07:50

Бүгүн, 19-апрелде өтүүчү Жогорку Кеӊештин жыйынында «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Регламенти жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» ж.б.у.с.бир топ мыйзам долбоорлору талкууланмакчы.

Депутат Искендер Матраимов,- “Ички иштер органдары  катталган жол кырсыктарынын статистикасы менен чектелбестен, ишке ашырып жаткан реформалык жаңылыктары тууралуу маалымат берсе жакшы болмок. “Коопсуз шаар” долбоору боюнча ишти ыкчамдатуу зарыл”, -деген пикирин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жана Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитеттеринин жыйынында билдирди.

                        СНХ.И.МАТРАИМОВ

Депутат Бакыт Төрөбаев,-«Бишкек-Ош жолунда көп катталган автокырсыктарды кыскарталы десек, учактардын, темир жолдун кызматын пайдалансак болот. Бул үчүн натыйжалуу саясат жүргүзүү керек. Ошондо жолдорубуздун абалы да керектен чыкпай, жол кырсыктары да азаят»,- дейт. Ошондой эле депутат бензин ташыган унаалардын жолго көп зыян алып келип жаткандыгына күйүп-бышты.

                        СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Депутат Экмат Байпакбаев ички өнүмдү сыртка чыгарууда ветеринардык талаптар сакталыш керек деген пикирин тармактык комитеттин жыйынында билдирди.

                       СНХ.Э.БАЙПАКБАЕВ

Жаштар арасында кальян чегүү жаман адаты калыптанып жаткан азыркы шартта аларга каршы чараларды көрүү зарылчылыктары жаралды. Ушундан улам Жогорку Кеңештин депутаттары Д. Бекешев, М.Исаков, А. Самигуллина, М. Мавлянова, Е.Строкова Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөгү” мыйзамына түзөтүүлөрдү караган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун демилгелеп жатышат. Бул багытта депутат Дастан Бекешев курамында тамеки бар каражаттардын катарына насвайды кошпой туралы,- деп сунуш берди.

                      СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

КР Саламаттык сактоо министрлигинин тамекиге каршы иш алып барган улуттук координатору Чынара Бекбасарова насвай деле тамекиден жасалаарын айтып, анын тамеки заттарынын катарынан четтеп калышы туура болбой кала тургандыгын билдирди.

                      СНХ.Ч.БЕКБАСАРОВА

Кечээ, 18-апрелде тарыхый эстеликтер жана өрнөктүү жайлардын эл аралык күнү белгиленди. Бул датаны белгилөө чечими Эстеликтерди жана өрнөктүү жайларды коргоо боюнча эл аралык кеңештин ассамблеясында 1983-жылы кабыл алынган. Тарыхый эстеликтерге бай өлкө катары Кыргызстан да бул күнгө олуттуу маани берет. Өзгөчө көңүл буруп туристтер кызыккан жайларыбыздын катарында Манастын күмбөзү, Бурана, Өзгөн мунаралары, Таш- Рабат сыяктуу тарыхый эстеликтер менен өрнөктүү жайларыбыз бар. Тарыхый иштерди  аткарууда жеке жарандарыбыздын дагы демилгелүү иштерди баштап, натыйжалуу салым кошуп жаткандыгы кубантат. Мисалы, “Эрдик- Подвиг” коомдук фондусунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов белгилсиз жоокерлердин арасындагы кыргызстандык өкүлдөрдү издөөдө жакшы иштерди алып барууда. Бул багытта “Парламент” радиосуна курган маегинде жаңы даректердин табылгандыгын билдирип буларга токтолду:

                    СНХ.К.МЫРЗАКАНОВ

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 19-апрелде Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй жана Таластын айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас  +17...+22; Ош, Жалал-Абад, Баткен:+20...+25; Ысык-Көл, Нарын:  +13...+17; бийик тоолуу райондордо  +2...+7 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 19-апрелде жаан-чачындын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы +19…+21 градус жылуу болот.

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 126

Окшош жаңылыктар