ЖАҢЫЛЫКТАР 18.04.17.

18-04-2017 09:20

Кечээ, Жогорку Кеӊештин коалициялык көпчүлүктүн жыйыны болду. Анда Өкмөттүн отчету каралды. Белгилей кетсек, учурдагы коалициялык көпчүлүктүн курамында КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракциялары бар.

Өткөн 2016-жылдын көрсөткүчтөрүнө токтоло турган болсок, 184 млн. долларлык жергиликтүү товарлар эспорттолгон. Ал эми импорттолгон товардардын көлөмү – 471 млн. доларды түзгөн. Мындай чоң айырмачылыктарды жоюуда ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо керек. Экспорттун көлөмүн эки эсе жогорулатуунун жолдорун караштыруу дагы зарыл. Бул үчүн мамлекеттик дотация берүү багытында атайын программа иштелип чыгышы керек. Токтомдо дал ушул талаптар камтылууда,- дейт депутат Акылбек Жапаров. Ошондой эле ал,- “25 жыл ичинде өлкөдө аткезчиликтин бейиши орун алды. Эми биз өндүрүшчүлөр менен ишкерлердин бейишин түзүп, ар бир товардын кала берсе 1 литр сүт болобу, 1 кг эт болобу бардыгынын салыктары төлөнүп туруусуна жетишишибиз керек”,- дейт. 

                       СНХ.А.ЖАПАРОВ

Транспорт министрлиги алсыз министрликке айланып калгандай, - деген депутат Мирлан Бакиров, - “Жол оңдоочу ишканалар өздөрү деле жол тазалоо менен эле чектелбей, анын сапатына да жооп бергенде абал жакшырмак. Кызматкерлердин айлыгын да жогорулатуу керек”,- деп эсептейт.

                       СНХ.М.БАКИРОВ

Темир жол кызматын пайдаланганда оор жүк ташуучу ункаалар жолдорубузду талкалабас эле. Экспорт маселесине келгенде дагы темир жолдун пайдасы чоң. Бул тууралуу пикирин билдирген депутат Абдыкапар Султанов болду.

                       СНХ.А.СУЛТАНОВ

Депутат Тынчтык Шайназаров коррупцияга каршы турууда Транспорт министрлиги кандай иштерди алып барып жаткандыгын тактады. Уурулукка жол берген атка минерлерге “өлүм жазасын” киргизили. Анда бул үчүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө туура келет,- дейт депутат.

                      СНХ.Т.ШАЙНАЗАРОВ

Депутат Мирлан Бакиров Джалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы «Дашман» мамлекеттик жаратылыш коругунун макамын өзгөртүү сунуштоодо. Бул тууралуу Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында белгилүү болду. Депутаттын айтымында, «Дашман» коругунун картасы түзүлгөндө анын аймагына бир катар калктуу конуштар менен алардын жерлери кирип калган. «Мекемелер аралык комиссия айылдарда корук аймагынан чыгарды, бирок жергиликтүү тургундар менен Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ортосунда талаш-тартыштар болууда. Анткени, коруктан жер-жемиш терүүгө, отун чогултууга, мал жаюуга болбойт. Турак жай курууга да уруксаат жок. Ага карабастан, жергиликтүү тургундар мурдагыдай эле жан багып келет», - деп, ал «Дашман» мамлекеттик жаратылыш коругунун статусун жаратылыш паркына түшүрүү зарылдыгын кошумчалады. Талкууда депутат Асылбек Жээнбеков талаштын баары убагында жергиликтүү калкка туура түшүнүк берилбегенинен улам келип чыгып жатканын белгиледи. «Документти карасак, жергиликтүү калктын 70 пайызы коруктуу түзүүгө макулдугун бериптир. Демек, аларга туура маалымат берилген эмес. Документти түзгөн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин караш керек», - дейт ал.

                      СНХ.А.ЖЭЭНБЕКОВ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин расмий веб-порталынын мобилдик нускамасы ишке кирди. Бүгүнкү күндөгү статистикалык маалыматтарга таянсак, парламенттин ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн kenesh.kg сайтына кирген интернет колдонуучулардын 15%ы мобилдик каражаттарды жана планшеттерди пайдаланышат. Ага ылайык, мобилдик нускаманы киргизилиши менен сайтты пайдалануу жеӊилдеп, трафик жана убакыттан үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк жаралат. Натыйжада бул жааттагы колдонуучулардын саны дагы 50%га жогорулашы күтүлүүдө. Белгилей кетсек, парламенттин сайтын техникалык жактан кайрадан иштеп чыгуу жана мобилдик каражаттарга ылайык оптималдаштыруу мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын ачык-айкындуулугун арттырууга багытталган.

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 18-апрелде көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй: +14...+19, Талас +13...+18, Ош, Жалал-Абад , Баткен: +18...+23, Ысык-Көл +8...+13, Нарын +10...+15, бийик тоолуу райондордо  0...+5 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн 18-апрелде жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +17…+19 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 444

Окшош жаңылыктар