ЖАҢЫЛЫКТАР 17.04.17.

17-04-2017 08:47

Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары, Аппараттын жана Иш башкармалыктын  кызматкерлери  өткөн аптанын ишемби күнү ишембиликке чыгышты. Алар борбор калаабыздагы Ботаникалык бактын аймагын иретке келтирип, суу арыктарын тазалоо менен ар кандай дарактардын көчөттөрүн олтургузушту.  Иш-чаранын алкагында Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековго Ботаникалык бактын азыркы абалы тууралуу маалымат берилип, аталган жайдын жетекчиси келечектеги аткарыла турган иш пландар жөнүндө да кенен кеп кылды. Белгилүү болгондой ботаникалык бактын жагдайын жакшыртуу менен анда өскөн бак-дарактардын санын көбөйтүү максатында атайын программа кабыл алынып, комплекстүү иш-чаралар мерчемделген. Ал эми калаанын экологиясы үчүн аталган бактын мааниси жогору экендигин билдирген Төрага: "Каралбай калган бул бак бир жылдан бери парламенттин, Өкмөттүн жана мериянын камкордугуна алынып, кайрадан жаӊыланууда. Атайын кабыл алынган программанын негизинде, аткарылчу иштердин планы түзүлүп, шаардыктардын ден-соолугун чыӊдоочу, экологиялык жайга айлантуу максатталган. Андан тышкары, программа алкагында Кыргызстандын аймактарында өскөн түрдүү өсүмдүктөрдүн жана дарактардын көчөттөрү бул жайга алынып келинип отургузулууда. Буйруса, кыргызстандыктар үчүн эле эмес, чет өлкөдөн келген меймандар үчүн да жалпы өлкөбүздүн табиятынынын өзгөчөлүктөрү менен ушул жайдан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул үчүн ботаникалык бакта иштеген кызматкерлерлин да айлык маянасын көтөрүү зарыл", - деди. Ошондой эле сөзүнүн аягында жалпы кыргызстандыктарды жазгы ишембиликтерге жигердүү катышууга чакырган Төрага: "Жаздын бир күнү, бир жылга тете" - дегендей, жазда ар бирибиз көчөт тигип, талыкпай эмгек кылалы. Анткени, бүгүн тигилип жаткан бак-дарактардын баары бир жылдык эле эмес, келечек муундарга калтырган мурасыбыз болуп эсептелет" - деп кошумчалады.

“ЕАЭБге кошулдук. Эми анын үзүрү Кыргызстан үчүн кандай болот? Бул багытта парламенттин өкмөткө берген тапшырмасы деле жок экен. Ошондуктан, бул жагдайга “Бир бол” фракциясы көңүл буруп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Евразия экономикалык бирликке интеграциялоо шарттарында ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды коргоо жана аларга колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма берүү жөнүндө” токтом долбоорун иштеп чыкты. Аны Жогорку Кеңеш дагы колдоп берди,- деп билдирди депутат Акылбек Жапаров “Парламент” радиосуна курган маегинде. 

                            СНХ.А.ЖАПАРОВ 

«Республика – Ата Журт» фракциясынын Каракол шаарында өткөн көчмө жыйынында Ысык-Көл облусундагы жолдордун абалы тууралуу маселе талкууланды. Жыйын жүрүшүндө Балыкчы – Корумду автожолунун курулушун толук бүткөрүү үчүн дагы 5,3 млрд сом талап кылынары белгилүү болду. Транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жакында Өкмөт тарабынан 1 млрд сом көлөмүндө каражат берилерин билдирди. Каржы булагы аныкталбай туруп тендердин жарыяланышына нааразы болгон фракция башчысы Өмүрбек Бабанов бул маселени парламенттин кароосуна алып чыгып, ошол кездеги өкмөт башчысынын эле эмес, дагы башка өкмөт мүчөлөрү менен аткаминерлердин жоопкерчилигин кароо керектигин баса белгиледи. «Каржылай албагандан кийин, тийбеш керек эле да. Мурда жамандыр-жакшыдыр жол бар болчу, азыр эмне болгонун карагылачы. Туристтик мезгил башталганы турат. Өткөн жылы туристтердин көӊүлүн эптеп-септеп Көчмөндөр оюну менен алаксыттыӊар, быйыл кантип жаап-жашырасыӊар?», - дейт депутат.

Депутат Алтынай Өмүрбекова жол кырсыктарынын саны көбөйүп жатканын айтып, жалпы эле коопсуздукту камсыздоо, “Коопсуз шаар” долбоору эмне болуп жатканына кызыкты. “Керек болсо ИИМдин реформасы “Коопсуз шаар” долбоорунан башталат”,- дейт А.Өмүрбекова.

                            СНХ.А.ӨМҮРБЕКОВА

«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндө отчетунун алкагында Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы угулду. Талкуунун жүрүшүндө депутат Мирлан Бакиров министрликтин отчетунда жасалган иштер тизмектелгени менен маселе барып-барып эле ал иштердин сапаты жана көрсөткүчүнө барып такалып жатканына токтолду. Ал Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт дарыясына салынган көпүрө 11 миллион долларга бүткөрүлгөндүгүн айтып: “Биз ушунча бай мамлекетпизби же каражатты сарамжал пайдалана албайбызбы”,- дейт. Ошону менен катар депутаттын суроосунан кийин Бишкек - Кара-Балта жолу үстүбүздөгү жылдын август айында башталаары такталып, Бишкек-Ош жолунун Жалал-Абад – Маданият бөлүгү быйыл башталбай калышы мүмкүндүгү белгилүү болду. Ички жолдордун курулушу дагы сапатсыз болуп жатканы айткан М.Бакиров Транспорт министрлиги бүгүнкү күндө алсыз министрликке айланды деген баасын берди.

Медициналык окуу жайларын бүтүргөндөр жолдомо менен чектелген аймакта 2 жыл иштеп берүүсү керек. Депутат Зиядин Жамалдиновдун пикиринде, бул боюнча кабыл алынган чечим аткарылбай жатат. “Айыл жерлеринде адистер, тиешелүү жабдуулар жетишсиз”,- дейт депутат.

                         СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Мораторийге карабай бүгүнкү күндө үй салууга жер берүү жагдайы баш-аламандыкка жетти. Мындай билдирүү менен чыккан депутат Салайдин Айдаров Фрунзе токой чарбасынын жерлери сатылып жатканын ортого салып, КР Өкмөтү бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырды.

                         СНХ.С.АЙДАРОВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 17-апрелде Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын айрым жерлерде күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак  болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй +13...+18,  Талас, Нарын: +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен: + 19...+24, Ысык-Көл:+9...+14 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 17- апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +16...+18 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 277

Окшош жаңылыктар