КР Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Якутия Мамлекеттик Жыйынынын Төрагасы А.Жирковду кабыл алды

14-04-2017 18:25

14-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик Жыйынынын (Ил Тумэн) Төрагасы Александр Жирковду кабыл алды.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Якутиянын ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Айрыкча, эки тараптуу өнөктөштүктү арттыруу зарылчылыгын белгилешип, аймактар аралык байланыштарды кеӊейтүү мүмкүнчүлүгүнө да токтолушту.

Ошондой эле Төрага Чыныбай Турсунбеков маданий-гуманитардык, илим жана билим берүү жаатындагы өз ара алакаларды кеӊейтүүгө өзгөчө көӊүл буруу керектигин билдирди.  

Белгилей кетсек, жолугушуу алкагында Александр Жирков, Чыныбай Турсунбековго  улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун якут тилине которулган "Ак жамгыр" ("Илгэлээхардах") аттуу китебин белекке берди.

КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 966

Окшош жаңылыктар