ЖАҢЫЛЫКТАР 14.04.17.

14-04-2017 08:23

Бүгүн, 14-апрелде дыйкан-фермерлерге 3-4%дык насыяларды берүүнүн жолдоруна, Бишкек шаарындагы шаар куруунун көйгөйлөрүнө арналган талкуу “Жай олтуруп баарлашуу” долбооруна чыгат. Бул багытта Жогорку Кеңеш депутаттары Айнуру Алтыбаева, Акылбек Жапаров, Зиядин Жамалдинов, Марат Аманкулов жана Эльвира Сурабалдиева журналисттердин суроолоруна жооп беришет. Ошондой эле иш чарага КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары  Эркинбек Чодуевдин келиши күтүлүүдө.       

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө" мыйзамдын 160-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун тескемеси менен Саматбек Ибраев Жогорку Кеӊештин Аппаратынын жетекчилигине дайындалды.Эске салсак, Саматбек Ибраев V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Буга чейин "Саякбай манасчы" эл аралык фондун жетектеп келген.

Жүк ташуучу самолеттун кулашынан улам Дача СУ калктуу пунктунун жапа чеккен тургундарына элден чогултулган каражаттар, түрк авиакомпаниясынын компенсациясы качан, кандай тартипте берилери боюнча так маалымат берүү зарыл. Бул тууралуу депутат Алмазбек Эргешов КР Өкмөтүнө кайрылды. 

                      СНХ.А.ЭРГЕШОВ

Депутат Осмонбек Артыкбаев жарандардын, айрыкча, балдар менен энелердин аз кандуулугун алдын алуу үчүн байытылган ун менен камсыздоо зарылдыгын, республика аймагына кирип жаткан байытылбаган унга көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледи.

                      СНХ.О.АРТЫКБАЕВ

Депутат Альфия Самигулина медицина тармагынын кадрдык потенциалына токтолуп,  Кыргызстандын медицина тармагынын адистерин КМШ өлкөлөрүндө кош колдоп тосуп алышарын айтты. Мындан улам буга чейин Кыргызстандын медиктеринин сыртка иштеп кеткен агымы болгон. Бүгүнкү күндө жетишсиз эмгек акыга адистер региондорго барбайт. “Ошондуктан, КР Өкмөтү мындай актуалдуу маселеге кайдыгер карабай, кандайдыр бир чараларды көрүшү зарыл. Алардын өз өлкөсүндө туруктуу иштеп калуусуна тиешелүү шарттарды түзүп беришибиз керек”,- дейт депутат.

                      СНХ.А.САМИГУЛЛИНА

ЕАЭБге кошулганда ишке аша турган техникалык регламентте бир топ талаптар бар. Ар бир тармак боюнча  белгиленген жеңилдиктердин да тизмеси такталган. Ошол жерде калпыстыктар орун алып калган жокпу? Бул жагдайга дыкат көңүл бурбаса, тигүүчүлук тармагы менен токуу иштерин алып барган тармакта эки ача шарттар каралып калган,- дейт депутат Төрөбай Зулпукаров.

                      СНХ.Т.ЗУЛПУКАРОВ

Жол кырсыктарынын айынан каза болгон адамдардын саны жыл сайын арбып барат. Буга статистикалык маалыматтарды келтирген депутат Жыргалбек Калмаматов айдоочулук күбөлүк берип жаткан авто мектептерди иретке келтирип, алардын материалдык базасын тактап чыгууну сунуш кылды.

                     СНХ.Ж.КАЛМАМАТОВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 14-апрелде Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыш тараптан соккон  шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 19-24 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 14...19; Талас: 13...18; Баткен: 16...21; Ош, Жалал-Абад: 17...22; Ысык-Көл: 8...13; Нарын: 7...12 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо 0...-5 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 14-апрелде маал-маалы менен жаан жаашы, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын  температурасы 16…18 градус жылуу болот.

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 36

Окшош жаңылыктар