Акылбек Жапаров:"25 жыл ичинде өлкөдө аткезчиликтин бейиши орун алды"

13-04-2017 14:42

ЕАЭБге кошулдук. Эми анын үзүрү Кыргызстан үчүн кандай болот? Бул багытта парламенттин өкмөткө берген тапшырмасы деле жок экен. Ошондуктан, бул жагдайга “Бир Бол” фракциясы көңүл буруп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Евразия экономикалык бирликке интеграциялоо шарттарында ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды коргоо жана аларга колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма берүү жөнүндө” токтом долбоорун иштеп чыкты,- деп билдирди депутат Акылбек Жапаров бүгүн, 13-апрелде “Парламент” радиосуна курган маегинде.  

Өткөн 2016-жылдын көрсөткүчтөрүнө токтоло турган болсок, 184 млн. долларлык жергиликтүү товарлар экспорттолгон. Ал эми импорттолгон товарлардын көлөмү – 471 млн. доларды түзгөн. Мындай чоң айырмачылыктарды жоюуда ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо керек. Экспорттун көлөмүн эки эсе жогорулатуунун жолдорун караштыруу дагы зарыл. Бул үчүн мамлекеттик дотация берүү багытында атайын программа иштелип чыгышы керек. Токтомдо дал ушул талаптар камтылууда,- дейт депутат.

“25 жыл ичинде өлкөдө аткезчиликтин бейиши орун алды. Эми биз өндүрүшчүлөр менен ишкерлердин бейишин түзүп, ар бир товардын кала берсе 1 литр сүт болобу, 1 кг эт болобу бардыгынын салыктары төлөнүп туруусуна жетишишибиз керек”,- дейт.  

Кыргыз Республикасында жакынкы 3-5 жылда экспортту өнүктүрүү жана импорттоо программасын иштеп чыксын жана бекитсин. 2017-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө тышкы экономикалык ишмердүүлүк субъектилеринин кызыкчылыктарын эске алуу менен ЕАЭБдин алкактарында Кыргыз Республикасы үчүн чектөөлөрдүн жана алып коюулардын тизмегин кеңейтүү боюнча так чараларды белгиленген тартипте кабыл алсын. Мына ушундай талаптар ЖК тийиштүү токтомунда камтылган,- дейт А.Жапаров.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 106

Окшош жаңылыктар