2017-жылдын 13-апрелинде добуш берилген мыйзам долбоорлору

13-04-2017 15:37

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңеш жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2,3-окууда кабыл алынды.

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.12.16дагы № 699 токтом);

- “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Назаров А.К., Бакиров М.И., Эргешов А.М., Туманбаева Р.М., Матраимов И.И., Нышанов С.К., Токторов А.С.);

- “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.02.17деги № 127 токтом);

- “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.02.17деги № 57 токтом);

- “Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 12.01.17деги № 18 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Шадиев А.А., Примов У.Б.);

- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Ж., Тулендыбаев П.Р.);

- “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Жапаров А.Ү.).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.07.16дагы № 407 токтом);

- “2016-жылдын 23-ноябрында Москва шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-сентябрындагы “Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар” товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун колдонулуу мөөнөтүн узартуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.02.17деги № 66 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (Салык кодексине, Кылмыш-жаза кодексине, Эмгек кодексине, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Айдаров С.А., Арапбаев А.А., Асылбаева Г.К., Бабанов Ө.Т., Жеенчороев М.К., Иминов Ф.А., Исмаилова А.Ж., Казакбаев Р.А., Өмүрбекова А.С., Ормонов У.З., Султанбекова Ч.А., Сыдыков Б.Ү., Төлөнов Д.Э., Тулендыбаев П.Р., Турускулов Ж.К., Чудинов И.В., Турсунбеков Ч.А.);

- “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.11.16дагы № 631 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 21.11.16дагы № 602 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Өмүрбекова А.С., Макеев Н.К., Арапбаев А.А., Сурабалдиева Э.Ж., Жеенчороев М.К., Султанов А.М., Байбакпаев Э.Ж.).

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

- “Бишкек шаарында 2016-жылдын 21-апрелинде кол коюлган “Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 25-июлунда кол коюлган “Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы, Ош шаарынын мэриясы, “Ош Тазалык” адистештирилген муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.01.17деги № 47 токтом);

- “Бишкек шаарында 2016-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кара-Суу шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагында Кыргыз Республикасынын, Кара-Суу шаарынын мэриясынын жана “Кара-Суу Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.01.17деги № 22 токтом);

- “Бишкек шаарында 2016-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында кол коюлган Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо максатында Борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн Инвестициялык фонддун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагындагы Кыргыз Республикасынын жана Чолпон-Ата мэриясынын жана “Чолпон-Ата Сууканалы” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.01.17деги № 23 токтом);

- “Бишкек шаарында 2016-жылдын 10-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо II фаза” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынан жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Суу фондунун каражаттарынан Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын мэриясынын жана “Ошшаарсууканалы” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.01.17деги № 24 токтом);

- “Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3-коридорлору) ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.02.17деги № 62 токтом);

Кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтому:

- “2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 200

Окшош жаңылыктар