ЖАҢЫЛЫКТАР 13.04.17.

13-04-2017 08:54

Бүгүн, 13-апрелде парламент жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” сааты менен башталат. Бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору менен катар эле “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралат.“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү” мыйзамга да кошумчалана турган өзгөртүүлөр да талкууга чыгат. “Евразия экономикалык бирлигине интеграциялоонун шарттарында ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды коргоо жана колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору олуттуу маселелердин бири. Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндөгү суроо дагы бул жолку жыйындын күн тартибине киргизилген.

Кыргызстан менен Казакстандын парламенттеринин Эл аралык иштер боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйыны болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев менен Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Айымдос Бозжигитовдун жолугушуусунда айтылды. Тараптар парламенттер аралык мамилелер ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эч кандай карама-каршылык жоктугун, жаралган көйгөйлөр иш тартиби менен чечсе боло тургандыгы боюнча орток пикирге келишти. “Ал үчүн эки боордош өлкөнүн парламенттеринин тармактык комитеттери дагы бат-баттан жолугушуп туруусу зарыл”,- дейт А.Шадиев. Ал биргелешкен жыйында экономикалык кызматташтуу маселелерин, анын ичинде Евразиялык экономикалык бирлик (ЕАЭБ) алкагындагы маселелерди, чек ара, миграция, туризмди кеңейтүү потенциалын талкуулоону сунуш кылды. Айымдос Бозжигитов Казакстандын конституциялык реформасы – бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктардын кайра бөлүштүрүү жөнүндө учкай кеп салып берди. “Конституциялык реформа Казакстан Республикасынын парламенти аркылуу жүргүзүлөт”,- дейт элчи.

Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу «өкмөттүк күндө» каралчу маселелер боюнча берилчү суроолорду өкмөткө алдынала жазуу жүзүндө жөнөтүү жол-жобосун алып салуу демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетте «КР ЖК Регламенти жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр каралып жатканда белгилүү болду. Ал эми Өкмөттүн өкүлү мындай тартипке каршы пикирин билдирди. Анын айтымында, эгерде «өкмөттүк күндө» каралчу маселе боюнча суроолор алдын ала жазуу жүзүндө берилсе, өкмөт мүчөлөрү ага жакшы даярданып келип, ынанымдуу жооп кайтарышмак. Депутат Айнуру Алтыбаева дагы ушундай эле пикирде.

                      СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Депутат Өмүрбек Бабанов суроого дароо жооп бералбаган өкмөт мүчөсүнүн эмне кереги бар экенин айтып, мыйзамга киргизиле турган сунушту колдоду. Ал мыйзамда «өкмөттүк күндү» ар кварталда бир жолу өткөрүү жол-жобосу да такталып жатканын кошумчалады.

                       СНХ.Ө.БАБАНОВ

Депутат Алмамбет Шыкмаматов,-   «Көзөмөл – парламенттин эӊ башкы милдеттеринин бири. Өкмөт мүчөлөрү кандай суроо берилбесин, баарына ар дайым даяр болушу керек. Ошондуктан, суроолорду алдынала жазуу жүзүндө берүү жол-жобосун «өкмөттүк күндөн» алып салып, «өкмөттүк саатка» калтырсак жетиштүү», - дейт  тармактык комитеттин жыйынында.

                      СНХ.А.ШЫКМАМАТОВ

Тармактык комитет депутаттарды өздөрүнүн кызматтык иш сапарлары боюнча отчетторун жарыялоого милдеттендирүү максатында иштелип чыккан «КР ЖК Регламенти жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырды. Демилгени депутаттардын тобу сунуштап жатышат. Депутат Алтынай Өмүрбекованын айтымында, Жогорку Кеӊештин, анын депутаттарынын ишиндеги ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, депутаттарды өздөрүнүн кызматтык иш сапарлары боюнча отчетун 7 күндүн аралыгында парламенттин сайтына жайгаштырууга милдеттендирүү зарыл. «Ушундай талап туура болот, депутаттардын эмне иш жасаганын калк билсин. Анткени, депутаттардын кызматтык иш сапарына 1 млн сомдон ашуун каражат жумшалууда. Мындай талап кагазда эле калып калбасын десек, мыйзамдын аткарылышын тармактык комитет көзөмөлгө алууга тийиш», - деп, ал мындай талапты өкмөт мүчөлөрүнө да милдеттендирүү зарылдыгын белгиледи.

Парламенттин кечээки жыйынында жеке ветеринарларга мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Бул мыйзам долбооруна добуш берүүдө 118 депутат катталып, алардын 88и колдосо, 30у каршы болушту. Мамлекеттик ыйгарым укуктар 1 жылдык мөөнөткө өткөрүлүп берилет. Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган келишимди ошол эле мөөнөткө узартылат. Демилгечилер ЖК депутаттары Мирлан Бакиров, Алмас Акматов, Нодирбек Каримов. Талкууда мыйзам долбоорунун актуалдуулугун белгилеген депутаттар менен катар эле аны дыкат карап чыгуу керек. Болбосо Баш мыйзамга дал келбеген жерлери бар,- дегендер болду. Алардын бири депутат Алтынай Өмүрбекова.

                     СНХ.А.ӨМҮРБЕКОВА

Кыргыз эли мал-жандуу болгондуктан, кароосундагы малынын ылаңга кабылбашынын алдын алуу ишинде анын ээлеринин жоопкерчилиги каралган. Жайлоого чыгуудагы талаптар, малды бадага жаюунун ырааттуулугуна да “Айыл мыйзамында” көңүл бурулган. Айылдар аралык автоунаалардын каттамдары боюнча суроо дагы жергиликтүү маанидеги маселелердин негиздүүсү. Ошондуктан, бул жагдайга да мыйзам долбоорунда маани берилди,- дейт парламентарий Айтмамат Назаров.

                     СНХ.А.НАЗАРОВ

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 13-апрелде Кыргызстандын аймагында маал-маалы менен жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланат. Тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 18-23 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл: 7...12;Баткен:10...15; Ош, Жалал-Абад: 11...16; Нарын: 4...9 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо 0...-5 градус суук. Бишкек шаарында маал-маалы менен катуу жаан жаайт, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы 9...11 градус жылуу болот.

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 139

Окшош жаңылыктар