Профилактикалык эмдөөдөн өтүү милдеттүүбү, же жеке тандоодогу маселеби?

12-04-2017 17:22

Депутат Алмазбек Токторов, - “Эмдетүүдөн баш тартууга болот,- деп мыйзамда жазылган. Бирок, анын да  чектөөлөрү бар. Себеби, жарандар айрым бир чет мамлекеттерге, мекемелерге, жумуштарга эмдөөсү жок кабыл алынбай турган шарттар аныкталган. Андыктан, биз бир коомдо жашагандыктан, ар бир адам өзүнүн жана башкалардын саламаттыгын ойлошу зарыл” - деген оюн бүгүн, 12-апрелде "Парламент" радиосуна курган маегинде билдирди.

Ошондой эле айрым бир диний көз караштагы адамдардын эмдөөдөн баш тартуусу  туура эмес экенин айткан эл өкүлү,- бүгүнкү күнү Араб мамлекеттеринде да  жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча эмдөөлөр жүрүп тураарын белгиледи. Бул маселе Жогорку Кеңештин Социалдык  комитетинин  отурумунда талкууланып, 2012-жылдан бери дин  жолунда жүргөн  жаш үй-бүлөлөр  арасында балдарын  эмдетүүдөн баш тарткандар көбөйгөн деген маалымат айтылган,- дейт парламентарий.

Уктурууга катышкан Республикалык  иммунопрофилактикалык борбордун башчысы Жолдош  Калилов, -"Эмдетүүдөн баш тартуу көрүнүштөрү көбүнчө вакциналардын арам продукциялардан жасалышы мүмкүн деген туура эмес сөздөргө ишенип   алгандардын арасында кезигүүдө. Бирок, учурда  республикадагы Казыяттар жана диний аалымдар менен тыгыз иштешип эмдөөдөн өтүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүп жатабыз. Эгер 2012-жылы эмдетүүгө барбагандардын эсеби 6742ни түзгөн болсо, ал эми ушул 2017-жылдын 1-январына карата бул көрсөткүч кыскарып олтуруп 4611 болуп калды",- деди.

Эмдөө иштери ымыркай төрөлгөндөн баштап  56 жашка чыкканга чейин  ар бир куракка жараша  ар кандай ооруларга каршы жүргүзүлүп турат. Бул тууралуу  ошол эле Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун башчысы билдирди. Ошондой эле ал,- “Эмдөө дени сак адамдарга жүргүзүлөт. Аны атайын улуттук календардын негизинде  үй-бүлөлүк дарыгерлер аткарышат. Эч кандай акы дагы алынбайт. Анткени, ал бюджеттин эсебинен  өткөрүлөт”, - деп кошумчалады.

Мындан тышкары,  программанын жүрүшүндө  Ж.Калилов, - “Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун чакырыгын кабыл алган. Анда 2007-жылдан бери Европалык эмдөө жумалыгы  өткөрүлүп келет. Быйыл  жумалык 24-30-апрель  аралыгында  жүргүзүлөт. Ал үчүн атайын  жер-жерлердеги кызматкерлерге иш пландар жиберилген. Эмдөөнүн негизги максаты  –  оорулардын алдын алуу менен саламаттыкты сактоо болуп саналат” –дейт.

Жогорудагы  көйгөй боюнча  Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн адиси  Токтогазы уулу Бактияр дагы “Парламент” радиосуна  түз байланышка чыгып, маалымат берди. “ Бардык имамдар  аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Тилекке каршы, коомчулукта  динде  айтылган эмес,- деп, эмдетүүдөн баш тарткандар бар. Бирок, динде түздөн-түз эмдөө жүргүзбөгүлө, - деп  жазылган эмес, андыктан эмдетүү боюнча иш-чаралар жүрүп турат” – деп түшүндүрдү. Ошондой эле, ажылыкка бараткан адамдар  милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүү талабын аткарышарын да кошумчалады.

Программанын  жыйынтыгында, эксперттер жаз мезгили келгендиктен, алдын ала профилактикалык эмдөөлөрдөн өтүп, витаминдүү  тамак-аштарды колдонууну  сунушташты.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 64

Окшош жаңылыктар