ЖАҢЫЛЫКТАР 24.06.16.

24-06-2016 08:21

Депутат Таалайгүл Исакунова тарабынан «Үй - бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндөгү» мыйзам долбоору демилгеленүүдө. Аталган маселе коом жана ар бир үй-бүлө үчүн өтө маанилүү болгондуктан, мыйзам долбоору коомдук угууга чыгарылат.Мындай иш чара бүгүн, 24-июнунда саат 14.00дө Жогорку Кеңештин Батыш залында өтөт.

Жогорку Кеӊештин кечээки олтурумунда Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү шайланып, Жогорку Кеӊештин тиешелүү токтому кабыл алынды. Электрондук добуш берүү жыйынтыгында БШКнын жаӊы курамына КР Президенти тарабынан талапкерлиги көрсөтүлгөн Алмаз Асаналиев, Гүлнар Баатырова, Бахтияр Кадыров, Нуржан Шайлдабекова, ал эми КСДП фракциясынан көрсөтүлгөн Адилет Сатыгулов, «Кыргызстан» фракциясынан көрсөтүлгөн Акылбек Эшимов, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан көрсөтүлгөн Назарали Арипов, «Ата Мекен» фракциясынан көрсөтүлгөн Гүлнар Журабаева, «Республика – Ата Журт» фракциясынан көрсөтүлгөн Атыр Абдрахматова менен Елена Жылкычиева, «Бир Бол» фракциясынан көрсөтүлгөн Кайрат Осмоналиев менен Абдыжапар Бекматов шайланды.

Кечээки жыйынында Жогорку Кеңеш Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-аткаруу кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү 1-окууда кабыл алды. Бул багытта маалымат берген Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Орозбек Энтериевдин айтымында,  сунушталган долбоор боюнча жеткинчиктерге карата жасалып жаткан кылмыштарды азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

                                           СНХ.О.ЭНТЕРИЕВ

Депутат Аида Салянова жашы жете электерге карата жасалган анча оор эмес кылмыш жасагандарга карата  кандай жазалар колдонуларын тактады.

                                           СНХ.А.САЛЯНОВА

Депутат Курманкул Зулушев анча оор эмес кылмыш жасагандар балким байкабай жасап алышы мүмкүндүгүн белгилеп, сунушталган түзөтүүлөр аларга тиешеси болбошу керек деген пикирин ортого салды.

                                          СНХ.К.ЗУЛУШЕВ

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, - “Ак үйгө аймакташ жайгашкан 2 кабаттуу эски үй баасын күтүп дагы деле турат. Буга көз жуумп койбой, ал жерге парк салып койсо болмок. Ал эми биз сунуштап жаткан мыйзам долбоорундагы  даректери  аталган төрт негизги көчөлөрдүн 1,5 миң гетарды түзгөн аянтындагы 3314 үйдү бир эле мезгилде менчик укугунан ажыратып коюу мүмкүн эмес. Бул этап-этабы менен жүрө турган процесс”,- дейт.

                                           СНХ.Ө.ТЕКЕБАЕВ

Жарандардын электрондук паспортторунда  айдоочулук күбөлүк, банктагы эсеп, пенсиялык китепче, медициналык карта сыяктуу керектүү пункттар дагы белгиленет.“Бул биринчи кезекте жарандардын өзүнө эле ыңгайлуу боло турган нерсе. Анткени, биометрикалык паспорттун электрондук түрү - электрондук Өкмөт түзүү планынын алгачкы кадамдарынын бири болуп саналат”,- дейт Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат-катчысы Мелис Эржигитов “Парламент” радиосуна буларды билдирип.

                                          СНХ.М.ЭРЖИГИТОВ

                                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 24-июнда өлкөнүн кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:23...28, Ош, Жалал-Абад, Баткен:25...30, Ысык-Көл:17...22, Нарын:16...21 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 24-июнда кыска мөөнөттө жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы 24...26 градус жылуу болот. Ысык-Көлдүн түндүк тарабындагы суунун температурасы кечээ 18 градусту түзгөн.
 

Көрүүлөрдүн саны : 1609

Окшош жаңылыктар