ЖАҢЫЛЫКТАР  12.04.17.

12-04-2017 07:57

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 12-апрелдеги жыйынында  “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат.  “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам  долбоору да үчүнчү окууга чыгат.   “Жерди пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору   болсо экинчи лкууда талкууланат.  “Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору   да бүгүнкү жыйындын кароосуна чыгат. 2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету да бүгүнкү олтурумдун маанилүү маселеси.

Бюджет жана финансы боюнча комитет  КР Өкмөтү менен ПР Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам көрсөтүү алкагында насыя берүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Протоколдун долбоорун жактырды. Айыл чарба, тамак-аш өнүдүрүшү жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев эки тараптуу келишимге ылайык Польшадан 25 жылдык мөөнөткө 0,15 пайыздуу үстөгү менен 40 млн евро көлөмүндө жеӊилдетилген насыя каражатын алууга ниеттенип жатканын, ал фермерлерге 9 пайыздуу үстөгү менен берилерин билдирди. Депутат Айнуру Алтыбаева 0,15 пайыздуу үстөгү менен алынган насыяны фермерлерге 9 пайыздуу үстөгү менен берүү калыстыкка жатпай турганын баса белгиледи. «Өкмөттүн мындай мамилеси туура эмес, пайызды кыйла кыскартуу зарыл. Антпесе, ортодогу айырма өтө чоӊ болуп калат. Албетте, келишимдин өзүн колдош керек», - дейт ал.

                          СНХ.А.АЛТЫБАЕВА  

Колдонуудагы мыйзамда «дары каражаты» түшүнүгү дары каражаттарды да, медициналык багыттагы буюмдарды да камтыйт. Бирок  дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын өзгөчөлүгү ар кандай жөнгө салуу режимдерин талап кылат. Ушуга байланыштуу «Дары-дармек каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жаӊы редакциясына, «дары каражаты» түшүнүгүнөн медициналык багыттагы буюмдар жана медициналык техника чыгарылды. Талкууда депутат  Наталья Никитенко,- “Борбордо илинип турган  жарнамалардын көбү  -  дары-дармектер тууралуу. Бул  медициналык билими жок калктын,   жарнамадагы  дарыларды врачтын уруксаты жок колдонуусуна өбөлгө түзүүдө. Мындай көрүнүштү көзөмөлгө алуу кажет” –деп билдирди.

                           СНХ.Н.НИКИТЕНКО

Депутат Аида Касымалиева болсо, - косметология тармагындагы ар кандай каражаттардын колдонулушу боюнча маселе көтөрдү.  Анын себебинен, бүгүн ботокс өңдүү процедуралардан улам зыян тарткан айымдар жок эмес. 

                          СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар» товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун колдонулуу мөөнөтүн узартуу тууралуу протоколду жактырды. Экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаевдин айтымында, бул келишим 2016-жылдын 25-июлунда парламент тарабынан ратификацияланып, 12-августан тарта күчүнө кирген. Бирок, Кыргызстан өз маалында жетише албагандыктан, мекемелер аралык комиссия анын мөөнөтүн узартуу чечимине келген. Белгилей кетсек, ушу тапта накта териден жасалган товарларды маркировкалоочу жабдуулар ЕАЭБ курамына кирген өлкөлөрдүн ичинен Оруия менен Беларуста гана орнотулган, ал эми Кыргызстан, Армения, Казакстан эми гана орнотуу алдында турат.

Региондордогу салт-санаалардын дагы айырмачылыктарын жоюу аракеттерин элдин калың катмарынан баштап көрүү зарыл. Буга атайын түзүлгөн комиссия таасир эте алат. Ошол комиссиянын курамына аймактагы сөзү өтүмдүү, кадыр-барктуу деген кишилер сунушталат. Маркумду акыркы жайга узатууда жыртыш таратуу, 3, 7 40 күндүк, жылдык деген эскерүү иш чараларын колдонбоо сыяктуу сунуштар дагы “Айыл мыйзамында” белгиленгендигин айтат А.Назаров.

                           СНХ.А.НАЗАРОВ

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу дагы динде 3, 7 40 күндүк деген эскерүү иш чаралары каралбагандыгын билдирди. Ошондой эле угармандардын сөөк коюлган көрүстөндөрдүн пайдаланылышы боюнча суроолоруна да жооп берген дин башкармалыгынын өкүлү,- “Эгер 25 жылдын ичинде жерге жашырылган сөөк топурак, кумга айланып кетсе, (бул жердин шартына жараша боло турган нерсе) анда ал жерге дагы башка сөөк койсо болот”,- дейт

                         СНХ. Б.ТОКТОГАЗЫ УУЛУ

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

12-апрелден 14-апрелге чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 12-13-апрелде жана 14-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Кар күрткүсү күтүлөт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Талас:+13…+18; Ош, Жалал-Абад, Баткен:+15…+20; Ысык-Көл, Нарын:+10…+15 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо -1…+4 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 12-апрелде маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы 15...17 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 144

Окшош жаңылыктар