Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков: "Саясат менен алектенүү жетиштүү, экономиканы өнүктүрүүгө убакыт келди"

11-04-2017 14:22

Бүгүн, 11-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Эл аралык валюта фондунун миссия жетекчиси Эдвард Жемайэлди кабыл алды. 

Тараптар Кыргызстандын экономикалык тармагын өнүктүрүүгө жана күчтөндүрүүгө багытталган кызматташтык маселелерин талкуулашты. Төрага Чыныбай Турсунбеков Кыргызстан менен Эл аралык валюта фондунун ортосундагы өнөктөштүк өлкөбүз эгемендик алгандан кийин, 1992-жылы башталганын эске салып: "Ишенимге жана өз ара сый-урматка негизделген биздин биргелешкен ишибиздин жана ошондой эле, Эл аралык валюта фондунун толук кандуу колдоосунун натыйжасында Кыргызстандын экономика секторунда бир катар реформалар жүргүзүлдү" - деп, мындай иштерди жана жаӊы коюлган талаптарды ишке ашырууну улантуу зарылчылыгына токтолду.  

Кыргызстандагы Эл аралык валюта фондунун миссия жетекчиси Эдвард Жемайэл өз кезегинде өлкө экономикасын реформалоону улантуу максатында кыргыз тарап менен кызматташууга кызыктарлыгын билдирди. Андан тышкары, аймактагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда экономикалык өсүш жогорулоо менен инфляциянын төмөн экендигин белгилеп: "Мындай жетишкендик Жогорку Кеӊештин жана Кыргыз Өкмөтүнүн эмгеги десек болот", - деди Э. Жемайэл.  

Ошондой эле жолугушууда Кыргызстан менен Эл аралык валюта фондунун ортосундагы кыска жана узун мөөнөттүү кызматташуу планы боюнча сөз жүрдү. Айрыкча, өлкөнүн банк жана фискалдык тармактарын өнүктүрүү багытындагы мыйзамдарды даярдоо, мындан сырткары, кичи жана орто бизнести күчтөндүрүү боюнча биргелешип иш алып баруу тууралуу да баарлашты.    

Төрага экономикалык жетишкендиктер өлкөдөгү ачык-айкындуулуктун натыйжасы экенин белгилеп, 2040-жылга чейинки Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиясынын жана Жогорку Кеӊештин Төрагасына караштуу бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча Кеӊештин алкагында экономиканы өнүктүрүү багытында бир катар иштер пландалганын кошумчалады. "Өнөктөштөрүбүздүн жана анын ичинде Эл аралык валюта фондунун колдоосу менен коюлган тапшырмаларды аткарууга жетишерибизге жана Кыргызстанга ири чет элдик инвестицияларды тарта аларыбызга ишенебиз", - деди Чыныбай Турсунбеков.

Мындан тышкары Төрага: "Саясат менен алектенүү жетиштүү, экономиканы өнүктүрүүгө убакыт келди. Мындагы эӊ башкы маселе - өлкөдөгү туруктуулук", - деп билдирди.

Белгилей кетсек, жолугушууга Эл аралык валюта фондунун миссиясынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Яхья Саид дагы катышты.

КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 819

Окшош жаңылыктар