ЖАҢЫЛЫКТАР 11.04.17.

11-04-2017 08:44

Кечээ Бюджет жана финансы боюнча комитетинде элдик демилге тартибинде сунушталып жаткан, Баткен окуясынын катышуучуларынын социалдык укуктарын коргоо чараларын жакшыртуу максатында иштелип чыккан “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө” КР мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Мында Баткен окуясында каза болгондордун жесирлерине, балдарына, ата-энелерине төлөнүүчү социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйтүү сунушу киргизилүүдө. Бирок  каржы министри Адылбек Касымалиев Өкмөт бул мыйзам долбооруна 2015-жылдын 1-октябрында терс корутунду бергенин эске салып, анын башкы себеби бюджетте кошумча каржы булактары жок экенин белгиледи. Ал үчүн 39 млн сом каражат талап кылынат. Тармактык комитеттин төрагасы Таабалды Тиллаев өз алдынча мыйзам аркылуу Баткен окуясынын макамын аныктоо, анда курман болгондорду эскерүү күнүн белгилөө зарылдыгын айтты.

                      СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

Депутат Бактыбек Райымкулов Баткен окуясына катышкан замандаштарынын жарытымдуу жеңилдиктерди албай жаткандыгын айтып, буларга токтолду:

                     СНХ.Б.РАЙЫМКУЛОВ

Депутат Улан Примов балдарга төлөнө турган жөлөкпулдар тууралуу сөз болуп жаткан соң, социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү да бул жерде өз позициясын билдириш керек,- деди.

                    СНХ.У.ПРИМОВ

“Айыл мыйзамы” каада-салттарды тартипке келтирүүнү, материалдык-финансылык чыгымдарды иреээтке салууну көздөйт. Ысырапкорчулукка чек коюу талабы да ошол жерде камтылган. Алгач мындай демилгени айыл аймактарынан баштоо аракети көрүлүүдө. Аны сыноо долбоору катары ишке ашырып жаткан жерлер бар. Буга Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Кыз-Көл айыл аймагындагы жаңы кадамдар  мисал,- дейт депутат Айтмамат Назаров “Парламент” радиосуна курган маегинде. Ошондой эле ыгы жок салт-санаа менен өткөн той –аштарга деп жылына 2 млрд. доллардан ашык каражат жумшалат,- деп айтылып жүргөндүгүн да кошумчалады депутат.

                   СНХ.А.НАЗАРОВ

Эми чет элдик кабарлар топтому менен кабарчыбыз Алия Назымова тааныштырат.

                          ТАСМА

               АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

11-12-апрелде кээ бир райондордо, 13-14-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Ал эми бүгүнкү, 11-апрелдеги абанын температурасы: Чүй: +17…+22; Талас:+16…+21; Ош, Жалал-Абад, Баткен:20…+25; Ысык-Көл, Нарын:+11…+16; бийик тоолуу райондордо 0…+5 градуска чейин жылуу болот. Бишкекте бүгүн, 11-апрелде жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 20...22 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 52

Окшош жаңылыктар