ЖАҢЫЛЫКТАР 10.04.17.

10-04-2017 10:44

Билимдүү жана тажрыйбалуу дипломаттар – Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү чыныгы жүзү. Тилекке каршы, чет өлкөлөрдөгү айрым элчиликтер менен консулдуктарда сабатсыз, тил билбеген, тажрыйбасы жок  адамдардын иштеп жатканына күбөбүз. Өкмөт бул багытта иштиктүү жакшыртуу чараларын көрүүгө тийиш,- деген депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеӊеш жыйынында маселе көтөрдү.

                    СНХ.А.ЖАМАНГУЛОВ

«Сот тутумунда да ушундай эле абал өкүм сүрүүдө. Азыркы сот аткаруучулар мамлекеттин пайдасы үчүн каражат өндүрүүгө кызыкдар деле эмес, маянасын алып жүрө берет. Андыктан, сот чечимдеринин 45 пайызы аткарылбайт. Ошондуктан, бул милдетти жеке сот аткаруучуларына өткөрүп берүү зарыл. Мен бул маселени беш жылдан бери көтөрүп келем, эмдигиче анын жыйынтыгы жок. Тезинен мыйзам долбоорун иштеп чыгыш керек», - дейт  депутат Дастан Бекешев.

                    СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Бишкектен Кара-Балтага чейин 1 сааттык жол болгон менен анын көрүнүшү шиферди басып өткөндөй тоңкулдап олтуруп  2 саатта дегенде араң жетесиз. Жол көйгөйү качан чечилет? – деген суроону депутат Бактыбек Райымкулов койду.

                   СНХ.Б.РАЙЫМКУЛОВ

2017-жылы мамлекеттик бюджеттен салынуучу жолдордун тизмесин алган депутат Рыскелди Момбеков бюджеттик каражат облус-облустар боюнча тегиз бөлүштүрүлбөй калгандыгын сынга алды. Ошону менен катар бүгүнкү күндөгү жолдордун абалына токтолгон эл өкүлү тармактык комитетте өлкө аймагындагы жолдордун абалын кароого протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады.

                   СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Ысырапкорчулукка жол бербөө максатында даярдалып жаткан “Айыл мырзамы” даярдалган. Анда каада-салттар камтылган. Андыктан, жер-жерлердеги элибиздин бул багыттагы так оюн билиш үчүн ЖӨБО боюнча мамлекеттик агенттик менен биргелешип иш алып баруу керек,- дейт депутат, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков.          

                    СНХ.А.БААТЫРБЕКОВ

КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева жана Аялдар Демократиялык тармактарынын жана Эл аралык Республикалык Институттун өкүлдөрү Монголиядагы иш сапардын алкагында Монголия Улуу мамлекеттик хуралындагы (парламентиндеги) айым депутаттардын тобу менен жолугушту. Иш чаранын алкагында аялдарды саясатка тартуу жана мыйзам чыгаруучу аялдардын мүмкүнчүлүгү, ошондой эле 2016-жылы Монголияда өткөн шайлоонун жыйынтыгы талкууга алынды. Андан тышкары, эл өкүлдөрү "Зориг" фонду менен "Аялдар өзгөрүү үчүн" бейөкмөт уюмдары баштаган бир катар коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен да жолугушту.

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 10-апрелде Кыргызстанда  күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Талас:+18…+23; Ош, Жалал-Абад, Баткен:+20…+25; Ысык-Көл, Нарын: +11…+16; бийик тоолуу райондордо 0…+5 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 10-апрелде  күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы +21…+23 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 141

Окшош жаңылыктар