ЖК Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Апрель элдик революциясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышты

07-04-2017 12:11

Бүгүн, 7-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева баштаган парламент депутаттары менен өкмөт өкүлдөрү  "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги 2010-жылдын Апрель элдик революциясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасына катышты.  Иш-чара алкагында маркумдардын эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, аларга арнап куран окутулду.  

Ошондой эле аталган эскерүү иш-чарасына жарандык коомдун өкүлдөрү,  Апрель элдик революциясынын катышуучулары менен курман болгондордун жакындары да катышты.

Андан соӊ Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеӊеш депутаттары борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылдын Аксы окуясында жана 2010-жылдын Апрель революциясында эл эркиндиги үчүн курман болгондорго арнап тургузулган эстеликке келип, куран окутуп, маркумдардын жаркын элесине арнап гүл коюшту.

КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 397

Окшош жаңылыктар