"Айыл мыйзамы" - ысырапкорчулукка чек коёт

06-04-2017 17:09

“Айыл мыйзамы” каада-салттарды тартипке келтирүүнү, материалдык-финансылык чыгымдарды иреээтке салууну көздөйт. Ысырапкорчулукка чек коюу талабы да ушул жерде камтылган. Алгач мындай демилгени айыл аймактарынан баштоо аракети көрүлүүдө. Аны сыноо долбоору катары ишке ашырып жаткан жерлер бар. Буга Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Кыз-Көл айыл аймагындагы жаңы кадамдар  мисал,- дейт депутат Айтмамат Назаров бүгүн, 6-апрелде “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп. 

Ыгы жок салт-санаа менен өткөн той –аштарга деп жылына 2 млрд. доллардан ашык каражат жумшалат,- деп айтылып жүргөндүгүн да кошумчалады депутат.

Региондордогу салт-санаалардын дагы айырмачылыктарын жоюу аракеттерин элдин калың катмарынан баштап көрүү зарыл. Буга атайын түзүлгөн комиссия таасир эте алат. Ошол комиссиянын курамына аймактагы сөзү өтүмдүү, кадыр-барктуу деген кишилер сунушталат.

Кыргыз эли мал-жандуу болгондуктан, кароосундагы малынын ылаңга кабылбашынын алдын алуу ишинде да анын ээлеринин жоопкерчилиги каралган. Жайлоого чыгуудагы талаптар, малды бадага жаюунун ырааттуулугуна да ушул эле мыйзам долбоорунда көңүл бурулууда.

Айылдар аралык автоунаалардын каттамдары боюнча суроо дагы жергиликтүү маанидеги маселелердин негиздүүсү. Ошондуктан, бул жагдайга да мыйзам долбоорунда маани берилди,- дейт парламентарий.  

Маркумду акыркы жайга узатууда жыртыш таратуу, 3, 7 40 күндүк, жылдык деген эскерүү иш чараларын колдонбоо сыяктуу сунуштар дагы “Айыл мыйзамында” белгиленгендигин айтат А.Назаров.

Уктурууга катышкан Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу дагы динде 3, 7 40 күндүк деген эскерүү иш чаралары каралбагандыгын билдирди. Ошондой эле угармандардын сөөк коюлган көрүстөндөрдүн пайдаланылышы боюнча суроолоруна да жооп берген дин башкармалыгынын өкүлү,- “Эгер 25 жылдын ичинде жерге жашырылган сөөк топурак, кумга айланып кетсе, (бул жердин шартына жараша боло турган нерсе) анда ал жерге дагы башка сөөк койсо болот”,- дейт.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 238

Окшош жаңылыктар