Баалуу кен байлыктардын концентранттары кайра иштетилиши керекпи, же экспорттоону талап кылабы?

05-04-2017 17:22

Эң чоң байлыктарыбыздын бири алтын кени. Аны иштетүүдө ири ишканалар  менен катар эле 400гө жакын чакан өндүрүшчүлөрдүн тобу бар. Алар атайын лицензияларды алышкан. Бул багытта чар-жайыттыкка орун бербес үчүн, казынабызга кирешелерди кириштөө максатында “Бажы алымдарынын тарифтери тууралуу” мыйзам долбоорун демилгелеп жатабыз,- дейт депутат, ЖК Агрардык саясат, суу ресурстары , экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров  бүгүн, 5-апрелде “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп.

Алтын кени жергебизде иштетилсин. Аны сыртка чыгарууда концентрант түрүндө эмес, баалуу товар катары жөнөткөнүбүз өлкөбүз үчүн пайдалуу болмок. Ушул жагын белгилеп, баалуу металлдардын концентрант түрүндө сыртка чыгарылбашы үчүн өзүнчө завод куруу сунушун Өкмөткө жолдогонбуз. Бирок, бул жагын ар тараптан карап көрүп ошол алтын концентранттарынан алынуучу бажы тарифтерин  25%дан кем болбосун деген жыйынтыкка келип олтурабыз. Бул албетте, чечүүчү бүтүм эмес. Анткени, бул суроо коомдук угууда дагы талданат,- деп билдирди А.Назаров.

Бажы тарифтери тууралуу мыйзамдын алкагында сунушталып жаткан демилгеге Өкмөт азырынча акыркы жыйынтыгын чыгарып бере элек. Мындай  маалымат менен ошол эле уктурууга катышкан ЖК Отун-энергетика жана жер казыналарын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы, депутат Кожобек Рыспаев тааныштырды.

Ошондой эле ал,- курамында мышьягы бар концентранттардын экология үчүн бир топ эле коркунучтуу экендигин билдирди. Андан тышкары, эгер баалуу кен байлыктардын концентранттары үчүн бажы алымдарын киргизе турган болсок, анда алардын Балкаш сыяктуу бажы алымдары жок тараптарга ташылып кетпешине эч ким кепилдик бере албайт,- дейт К.Рыспаев. 

Кыргыз окумуштууларынын жаңы табылгалары баалуу кен байлыктарды чалгындоо иштеринде жакшы пайдасын тийгизет.  Бул багытта атайын патентке ээ болгон  эмгектер бар. Мисалы, алтын кенин иштетүүдө колдонулуп жүргөн цианидди пайдаланбастан туруп, экологияга зыян келтирбес шартта иштесе болчу технологиянын үлгүсүн Кыргызстанда  акыркы жылдары иштеп жаткан  “ВИД  Майнинг Компани”   коому  даярдаган.   Мындай демилге Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында дагы каралган.   Жоопкерчилиги чектелген коомдун директору Николай Власов,- “Заман талабына ылайыкталган  инновациялык  техника жаратылышты жабыркатпайт”,-  дейт. Бул жагдайдан кабары бар экендигин айткан  депутат Кожобек Рыспаев, - демилгени колдой тургандыгын да билдирди.  

Эл өкүлүнүн айтымында,  жаңы технологиянын ойлоп табуучулары 2-3 тонналык кору (запасы) бар кен байлык чыккан жерди изилдөөгө берсениздер, жаңы ыкманын пайдалуулугун далилдеп беребиз, салык төлөөнү өз мойнубузга алабыз. Жардыруусуз изилдөөлөр кыйла үнөмдүү келет,- деп жатышат. Өкмөт буга ыңгайлуу шарт түзүп бериш керек,- дейт К.Рыспаев.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 174

Окшош жаңылыктар